Махмуд бин Лабид (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Менин силер үчүн корккон...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтү үчүн эң корккон иш: кичине ширк экенин кабарлаган. Ал: Рия, б.а. адамдар үчүн амал к...
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Адамдарда каапырлыктын белг...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки ишти каапырлардын амалы, Исламга чейинки доордон калган ахлак деп кабарлаган. Ал экөө:...
Абу Марсад ал-Ганави (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кабырлардын үстүнө...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабылдардын үстүнө отурууга тыюу салган.
Ошондой эле кабырда намаз окууга жана кыбыла та...
Абу Талха (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ит жана сүрөт бар үйгө периштеле...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ырайым периштелери ит бар жана жандуулардын сүрөтү илинген үйлөргө кирбестигин кабарлаган....
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Периштелер ит жана коңгуроо...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кербенде ити бар, же жаныбарлар басканда шыңгырап турчу коңгүроосу бар адамдарга периштелер...
Махмуд бин Лабид (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Менин силер үчүн корккон нерселеримдин эң коркунучтуусу - кичине ширк". "Кичине ширк деген эмне?" - дешти. Аллахтын элчичи мындай деди: "Рия. Кыямат күнү адамдар иш-амалдарынын жаза, сыйын алганда, Улук Алла Таала аларга: "Дүйнө жашоосунда иш-амалдарыңарды рия кылып көрсөткөн адамдарга барып карагылачы, аларда силерге бере турган сыйды таба алар бекенсиңер!?" дейт.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Адамдарда каапырлыктын белгилеринен болгон эки белги бар: Ата-текти кемсинтүү жана өлүккө өкүрүп ыйлоо".
Абу Марсад ал-Ганави (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кабырлардын үстүнө отурбагыла жана анда намаз окубагыла!"
Абу Талха (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ит жана сүрөт бар үйгө периштелер кирбейт".
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Периштелер ит жана коңгуроо бар кербенге (жолоочуларага) жолдош болбойт"
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылат. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Шайтан силердин бириңерге келип: «Баланчаны ким жаратты? Муну ким жаратты?» - деген ойлорду салат. Акырында: «Раббиңди ким жаратты?» - деген азгырык суроо салат. Эгерде кимдир бирөөгө мындай азгырык ойлор келсе, анда ал Аллахтан коргоо сурасын жана андай ойлонуусун токтосун».
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Чынында, Аллах Таала мындай деди: "Ким Менин досума душмандык кылса Мен ага согуш жарыя кыламын. Пендемди мага жакындата турган Мен ага парыз кылган амалдардан өткөн амал жок.
Пендем Мага напил амалдар аркылуу жакындаган сайын, Мен аны жакшы көрөм. А Мен аны жакшы көрсөм, анын уга турган кулагы, көрө турган көзү, кармай турган колу жана баса турган буту болом. Эгер менден сураса, берем, Эгер Мени менен сактанса, сактайм. Мен кылган иштеримден момундун жанын алганда экиленгендей экиленген эмесмин, ал өлүмдү жек көрөт, Мен аны кыйнаган нерсени жек көрөм".
Ал Ирбаз бин Сария (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир күнү Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) туруп, бизге аябай жеткиликтүү насаат айтты. Андан жүрөктөр титиреп, көздөр жашылданды. О, Аллахтын элчиси, бизге коштошуп жаткандай насаат айттың, эми бизге бир келишимди (дайыма аткарып жүрүү үчүн) осуят кыл - дешти. Ал мындай деди: " Аллахтан корккула! Башчыңар хабаший (ынды кара) кул болсо да аны уккула жана моюн сунгула! Менден кийин көптөгөн карама-карышылыктарды көрөсүңөр. Ошондо менин жана менин туура жол көрсөтүүчү халифтеримдин сүннөт жолун бекем кармагыла! Ага азууңар менен жармашкыла! Жаңы пайда болгон иштерден сак болгула! Анткени, бардык жаңы иштер адашууга алып барат".
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Кимде-ким (башчыларга) баш ийүүсүнөн тайып, жамааттан бөлүнүп өлсө, ал жахилияттын өлүмү менен өлөт. Ким сокур желектин астында согушса, уруусу же улуту үчүн өзгөчө катуу берилип ачууланса, же улутчулдукка чакырса, же аларга жардам берип жүрүп өлсө, анда жахилият өлүмү менен өлөт. Ким менин үммөтүмө каршы чыкса, салихине да, бузукусуна да сокку урса жана ыймандууларды (өлтүрүү азабынан) коркпосо жана анын убадасын аткарбаса, анда ал менден эмес жана мен андан эмесмин".
Маъкил бин Ясар Аль-Музани, радыяллаху анху, риваят кылып айтты: Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай дегенин уктум: «Аллах жоопкер кылып койгон пенде, ал өлөөр күнүнө чейин карамагындагыларды алдап жүрүп өлсө, Аллах аны бейишке кирүүсүн арам кылат».
Ыймандуулардын энеси Умму Салама (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) минтип айткан: "Келечекте силер алардын кээ бир ишине ыраазы болуп, кээ бир ишинен кайтара турган башчылар чыгат. Ким алардын жаман ишин (жүрөгү менен) жактырбаса, (күнөөдөн же эки жүздүүлүктөн) кутулат. Ким аларды (тили же колу менен) кайтарса, алар менен чогуу болуудан өзүн куткарат. Бирок (алар менен күнөө жана азапта бирге болот) ким аларга ыраазы болуп, ээрчисе ". "Аларга каршы чыгалыбы?" - дешти. "Жок, намаз окушса (аларга каршы чыкпагыла)" - деди.
Абу Масуъддун (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Келечекте өзүмчүл башчылар жана диниңерде жек көргөн иштер болот". О, Аллахтын элчиси, (ал учурда) бизди эмне кылууга буйруйсуң - дешти (сахабалар). "Силердин моюнуңардагы милдетиңерди аткара бергиле, акыңарды Аллахтан сурагыла" - деди.