- Кабырдын ичинде, кабырлардын арасында, же кабырга жүздөнүп намаз окууга болбойт. Бир гана жаназа намазын окууга болору сүннөттө айтылган.
- Кабырларга намаз окуудан тыюу - ширкти пайда кылчу иштерден тосот.
- Ислам дини кабыр тууралуу чектен чыгуудан жана аны кордоодон тыят. Аша чабууга да, шалаакылык кылууга да болойт.
- Мусулмандын урматы ал өлгөндөн кийин да сакталат, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Өлүктүн сөөгүн сындыруу - тирүү кезинде сындыргандай эле (күнөө)" - деген.