{Хаж (сапары) – белгилүү айлар.[1] Ким ошол айларда (өзүнө) хаж (ибадатын) парыз кылса, (жана ихрам байласа) хажда (ихрамдан чыкканга чейин) жубайы менен (жыныстык) мамиле жасабайт, бардык күнөөлөрдөн тыйылат жана жаңжалдан алыс болот. Кандай гана жакшы амал кылсаңар да Аллах билип турат. Жана да жолго азык камдап алгыла. Эң жакшы жол азыгы – бул такыбалык. О, акылдуу адамдар, Менден корккула!} (سورة البقرة
: 197).
{(Хаж ибадаты мезгилинде адал кесип, же соода менен) Раббиңерден пазилет үмүт кылууңарда күнөө жок. Ал эми, Арафат тоосунан түшсөңөр, Машьар-ул-харамда (Муздалифа өрөөнүндө) токтоп, Аллахты зикир кылгыла жана Аллах силерди адашканыңардан кийин, туура жолго салганы үчүн, силер да Аны эстегиле.} (سورة البقرة
: 198).
{Алардан дагы бирөөлөрү: “О, Рабби! Бизге ушул дүйнөдө да, Акыретте да жакшылык бере көр жана бизди тозок азабынан сакта!” - дешет.} (سورة البقرة
: 201).
{О, ыйман келтиргендер! Ихрамда турганыңарда аңчылык кылбагыла! Кимиңер билип туруп аны өлтүрсө, жазасы - өзүнүн (төө, уй, кой-эчки сыяктуу) жандыктарынын арасынан өлтүргөнүнө тең болгонун Каабага жеткирилип (союлчу) белек катарында тандайт. Бул ишке (тандоого) өзүңөрдүн араңардан эки адилеттүү киши калыс өкүмдарлык кылат.[1] Же болбосо (экинчи жазасы) - жакыр-кедейлерди тамактандыруу[2] же ушуга тең[3] орозо кармап берүү, кылмышынын жазасын тартышы үчүн. Аллах өткөн ишти кечирди. Ал эми, ким (арам ишке) кайтса, Аллах андан өч алат. Аллах Кудуреттүү, өч алуучу.} (سورة المائدة
: 95).
{Силер үчүн аларда (белек-айбандарда) белгилүү мөөнөткө чейин пайдалануу бар.[1] Кийин аларды (союу) адал болгон жай – Эски Үйдүн (Каабанын)[2] айланасы.} (سورة الحج
: 33).
Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көп кылган дубасы: "Роббана аатинаа фид-дуня хас...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көптөгөн дубаларды камтыган дубаларды көп кылчу, ошолордун бири: "О, Жараткан, бизди бул дү...
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты. «Бир киши адамдарга ар дайым карыз берет эле....
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, адамдарга карыз берип жакшы мамиле кылган киши жөнүндө же аларга бир нерсени сатканда бир канча мөөнөттөн кийи...
Анас бин Маликтин (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Оору жукпайт, жамандыкка жор...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жахилияттагы адамдардын, оору Аллахтын тагдырысыз эле бирөөдөн бирөөгө жугат деген ишеними...
Али (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Мен маази суусу көп аккан киши элем. Анын күйөө баласы болгонум үчүн пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мак...
Али бин Абу Талиб (ага Аллах ыраазы болсун) ал маази суусу көп аккан киши болгонун айтат. Маази суусу - ак түстө, суюк, илешкээк суу, ышкы кумары козг...
Абу Катада (ага Аллах ыраазы болсун) айат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Эч кимиңер заара кылганда мүчө...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кээ бир адептерди баяндаган; заара кылган учурда мүчөсүн оң кол менен кармоодон тыйды. Алды...