Ибн Умар (атасы экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эртең менен да кечинде да бул дубаны к...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эртең менен жана кечинде ушул дубаларды калтырбай, такай айтып жүргөн:
(Аллахым, мен Сен...
Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага бул дубаны үйрөткөн: "Алла...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Айша энебизге ар тараптуу дубаларды үйрөткөн. Ал төрт дубадан турат:
Биринчиси: Бардык ж...
Абдулла бин Амр бин Аль-Аас, радыяллаху анхума, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтты: «Чындыгында, кий...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, жаңы кийим көп кийилип эскирген сыяктуу мусулмандын жүрөгүндөгү ыйманы да эскирип, алсыз болуп калышы туурасын...
Аббас бин Абдулмуталиб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын укканмын: “Кимде-...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: Ыйманында чынчыл, ыйманы жүрөгүндө бейпилдик тапкан ыймандуу адам ушул үч ишке ы...
Муаз бин Жабал (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муаздын колунан кармап: "Эй Муаз, Аллахка...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муаздын (ага Аллах ыраазы болсун) колунан кармап, ага мындай деди: Аллахка ант болсун, мен...
Ибн Умар (атасы экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эртең менен да кечинде да бул дубаны калтырбай, дайыма айтчу: "Аллахым, Сенден дүйнө жана акыреттин амандыгын (жакшылыгын) сураймын. Аллахым, Сенден динимде, дүйнө жашоомдо, үй-бүлөмдө жана мал-мүлкүмдө кечирим жана амандык (жакшылык) сураймын. Аллахым, менин кемчилик-айыбымды (бардык айып-кемчилигимди) жашыр жана жүрөгүмдү тынч кыл. Аллахым, мени бет алдымдан келүүчү, артымдан келүүчү, оң жак, сол жагымдан келүүчү, үстүмдөн келүүчү жамандыктардан сакта. Мен Сенин улуулугуң менен астымдан келе турган жамандыктан (кайдыгер өлүмдөн) сактанам".
Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага бул дубаны үйрөткөн: "Аллахым, Сенден жакшылыктын баарын, азыркысын да, кийинкисин да, мен билгенин да, билбегенин да суранам. Сенин жардамың менен бардык жамандыктан, азыркысынан да, кийинкисинен да, мен билгенинен да, билбегенинен да коргоном. Аллахым, Сенден кулуң жана пайгамбарың суранган жакшылыктын баарын суранамын. Сенден кулуң жана пайгамбарың сактоону сураган жамандыктын баарынан сактооңду суранам. Аллахым, мен Сенден бейишти сурайм. Бейишке жакындата турган сөздөрдү жана амалдарды сурайм. Сенден тозоктон сактоону сурайм. Тозокко жакындата турган сөздөрдөн жана амалдардан сактоону сурайм. Сен чыгарган тагдыр-өкүмдүн баары мен үчүн жакшылык болуусун сурайм.
Абдулла бин Амр бин Аль-Аас, радыяллаху анхума, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтты: «Чындыгында, кийим эскирген сыяктуу эле силердин жүрөгүңөрдөгү ыйманыңар да эскирет. Андыктан Аллахтан жүрөгүңөрдөгү ыйманды жаңыртуусун сурангыла».
Аббас бин Абдулмуталиб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын укканмын: “Кимде-ким Аллах Тааланы Раббим деп, Исламды диним деп жана Мухаммадды пайгамбарым деп ыраазы болсо, ыймандын даамын татат"
Муаз бин Жабал (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муаздын колунан кармап: "Эй Муаз, Аллахка ант берип айтам, мени сени жакшы көрөм" - деди. Анан: "Муаз, сага айтар осуятым: ар бир намаздан кийин "Аллахумма аъинни ъалаа зикрика ва шукрика ва хусни ъибадатика" деп айтканды такыр калтырба" - деди.
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты. «Пенде Раббисине саждада турган абалында эң жакын болот. Ошондуктан ал учурда көп дуба кылгыла».
Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көп кылган дубасы: "Роббана аатинаа фид-дуня хасана, ва фил аахироти хасана, ва кынаа азаабан-наар" деген дуба эле.
Абу Дарда (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Көңүл бургула! Мен силерге силердин даражаңарды көтөрө турган, Падышаңардын алдында эң таза жана силер үчүн алтын-күмүш садака кылуудан да артык, казатта душманыңар менен беттешип, силер алардын, алар силердин башын кыя чапкандан да артыгыраак ишиңер жөнүндө айтып берейинби?" Алар: "Ооба" - дешти, Пайгамбар: "Ал иш - Аллахты зикир кылуу" - деди.
Муаз бин Жабал (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен сапарда бирге болдум. Бир күнү жол жүрүп бара жатканда аны жандай бастырып калдым. Анан андан: Оо, Аллахтын элчиси, мени тозоктон алыстатып, бейишке киргизе турган кандай иш бар? – деп сурадым. Ал: “Сен өтө оор ишти сурадың. Бирок Аллах жеңил кылгандар үчүн өтө оңой болот . Аллахка шерик кошпой ибадат кыл, беш убак намазды толук оку, зекетти бер, Рамазан айынын орозосун карма. Аллахтын үйү (Каъбага барып), ажылык милдетиңди аткар” – деп, анан сөзүн кайра улады: “Сага жакшылыктын эшиктери тууралуу айтайынбы? Орозо (тозоктон) калкан; Садага – суу отту өчүргөндөй күнөөлөрдү өчүрөт. Адамдын түн ортосунда окуган намазы” – деп, бул аятты окуду: “Алардын жамбашы жатчу жайынан алыс болуп, коркуу жана үмүт менен Раббисине дуба кылышат. Биз берген ырыскыдан каржылашат. Эч ким кылган иш-амалдары үчүн аларга жашыруун даярдалып коюлган көз кубанычын билбейт”. Анан кайра мага: “Сага диндин башы, тиреги жана туу чокусу тууралу айтайынбы?” – деди. Мен: О Аллахтын элчиси, айтыңыз – дедим. Ал: “Диндин башы – Ислам; Анын тиреги – намаз; Туу чокусу – Аллах жолунда күрөш” – деди. Анан: “Эми сага ушул айтылгандардын баарынын негизи эмне экенин айтайынбы?” – деди. Мен: О Аллахтын элчиси, айтыңыз – дедим. Ошондо ал тилин кармап көрсөтүп: “Ушуну сакта!” – деди. Мен: О Аллахтын элчиси, биз айткан сөздөрүбүз үчүн да жоопко тартылабызбы? – деп сурадым. Ал: “Энең сени жоготсун, оо Муаз, адамдарды тозокко бети же мурду менен кулаткан нерсе тилинен тапкан күнөөлөрү эмеспи” – деди.
Айша, радыяллаху анха, риваят кылат: Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ар күнү түнү уктаганда эки колун бириктирип, анан аларга үйлөп: «Айткын! Ал Аллах жалгыз» деп башталган Ихлас сүрөөсүн, «Айткын! Таңдын Раббиси менен коргоном» деп башталган Фалак сүрөөсүн жана «Айткын! Адамдардын Раббиси менен коргоном» деп башталган Наас сүрөөсүн окучу. Анан колдору менен башына, жүзүнө жана денесинин алдынан баштап колу жеткен жерге чейин сүртөт эле. Ал муну үч жолу кылчу.
Шаддад бин Аус (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Истигфардын төрөсү мындай: Аллахым, Сен менин - Раббимсиң, Сенден башка ибадатка татыктуу кудай жок. Сен мени жараттың, мен Сенин кулуңмун. Мен чолом жетишинче Сага берген убада, шартымды сактаймын. Жасаган иштеримдин жамандыгынан сактоону Сенден суранам. Мага берген нээмат-жакшылыктарыңды жана күнөөлөрүмдү мойнума алам. Мени кечир, Сенден башка күнөөлөрдү кечирүүчү эч ким жок». Анан мындай деди: "Кимде-ким эртең менен бул сөздөрдү чын жүрөгүнөн айтса, анан ошол күнү кечке чейин каза болсо, ал бейиштин тургундарынан. Ал эми ким бул сөздөрдү кечинде чын жүрөгүнөн айтса жана таң атканга чейин каза болсо, ал бейиштин тургундарынан".
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: Эртең менен таң атырганда ал минтип айтчу: "Аллахым, Сенин атың менен таң атырабыз. Сенин атың менен кечти киргизебиз. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атың менен өлөбүз. Кайра тирилип баруу Сага гана" Кеч киргенде минтип айтчу: "Аллахым, Сенин атың менен кеч киргизебиз. Сенин атың менен таң атырабыз. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атын менен өлөбүз. Кайра тирилип баруу Сага гана". Кээде: "Кайра кайтып баруу Сага гана" дечү.