Абдуллах бин Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Ким Аллахтын китебин...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир мусулман Аллахтын китебинен бир тамга окуса, ал үчүн бир жакшылык жазыларын, ал жакш...

Абдуллах бин Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Ким Аллахтын китебинен бир тамга окуса, ал үчүн ага бир жакшылык он барабар болуп жазылат. "Алиф, лам, мим" бир тамга деп айтпайм, бирок "алиф" бир тамга, "лам" бир тамга жана "мим" бир тамга".

Абдулла ибн Амр, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Куран жаттаган адамга мындай деп айтылат: «Куран оку жана көтөрүл. Аны дүйнөдө окугандай кылып кырааты менен оку. Чындыгында, сенин даражаң акыркы окуган аятыңа жараша болот».

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Силердин бирөөңөр үй-бүлөсүнө кайтып келгенде, үч семиз төө менен кайткысы келеби?» Биз: «Ооба» - деп жооп бердик. Ал айтты: «Силердин бириңер намазда окуган үч аят ал үчүн үч семиз төөдөн жакшы».

Абу Муса ал-Ашаринин (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Бул Куранга бекем болгула, Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант ичип айтам, ал жибинен бошонгон төөдөн да ылдам чыгып кетет".

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Үйүңөрдү көрүстөндөй кылып албагыла. Чынында, Бакара сүрөөсү окулган үйдөн шайтан качат".

Убай ибн Кааб, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Эй, Абуль-Мунзир! Аллахтын Китебинде эң улуу аят кайсы экенин билесиңби?». Мен: «Аллах жана Анын Элчиси билет» - деп айттым. Ал кайрадан: «Эй, Абуль-Мунзир! Аллахтын Китебинде эң улуу аят кайсы экенин билесиңби?» - деп айтты. Мен: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал түбөлүк Тирүү Башкаруучу» (Бакара, 255) - деп айттым. Ал менин көкүрөгүмө чаап: «Эй, Абуль-Мунзир. Аллахка ант болсун! Бул илим сага куттуу болсун!» - деди.

Абу Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Ким түнү Бакара сүрөөсүнүн акыркы эки аятын окуса, ага жетиштүү болот".

Ан-Нуман бин Башир, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте ал айтты: «Мен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: «Дуба – бул ибадат» – деп айткан соң (Курандын бул аятын) окуду: «Мага дуба кылгыла, силерге жооп беремин. Чындыгында, Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар кор болгон абалда тозокко киришет». (Гафир, 60-аят)

Аиша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахты бардык абалында эстеп зикир кылат эле.

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Аллах таала үчүн дубадан артык эч нерсе жок».

Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Йа муколлибал кулууби саббит колби алаа дииника" (Эй, жүрөктөрдү калчоочу Аллах, менин жүрөгүмдү динге бекем кыл)" - деп көп дуба кылчу. Мен: "О, Алахтын элчиси, биз сизге жана сиз алып келген динге ыйман келтирдик. Ошентсе да биз үчүн коркосузбу?" - деп сурадым. Ал: "Ооба, жүрөктөр Аллахтын манжаларынан эки манжасынын арасында турат. Кандай кааласа ошондой калчайт" - деди.

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтар эле: "Аллахым, менин иштеримдин коргоочусу болгон динимди оңдо. Менин жашоом өтүп жаткан дүйнөмдү оңдо. Мен кайтып бара турган акыретимди оңдо. Өмүрдү мен үчүн ар бир жакшылыкты көбөйтүүчү кыл, ал эми өлүмдү ар бир жамандыктан арылтуучу кыл».