Ибн Умар (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Бардык мас кылуучу ичимдиктер ар...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамды акылынан тайдырып, эсин кетире турган нерсенин баары, мейли ал суюк ичимдик болсун,...
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылып айтты: Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, бийликтеги пара берүүчүгө жана пара алуучуга каргыш ай...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, пара берген жана пара алган адамга Аллах Тааланын ырайымынан чыксын жана алыс болсун деп дуба кылган. Мына...
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтты, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Күмөн саноодон сактангыла! Анткени...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандардын арасын бөлүп жара турган жана ортодо душмандыкты пайда кыла турган кээ бир ж...
Хузайфа, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте ал айтты: «Мен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтканын уктум: «Ушакчылар бейишке к...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, адамдардын арасында бузукулук кылууну көздөп сөз ташыган ушакчы бейишке кирбестен жазага татыктуу экенин кабар...
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Күнөөсүн жарыя кылга...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман кишинин кылган күнөөсү кечирилерине үмүт бар экенин баяндайт. Бирок мактаныч менен...

Ибн Умар (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Бардык мас кылуучу ичимдиктер арак. Ал эми бардык мас кылуучу ичимдиктер арам. Кимде-ким бул дүйнөдө арак ичип жүрүп тообо кылбастан өтүп кетсе, акыретте аны иче албайт".

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылып айтты: Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, бийликтеги пара берүүчүгө жана пара алуучуга каргыш айтты.

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтты, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Күмөн саноодон сактангыла! Анткени, күмөн саноо сөздөрдүн жалганы . Адамдардын айыбын издебегиле, тыңчылык кылбагыла, бири-бириңерге көралбастык кылбагыла, кол үзүп кетпегиле, жек көрүп калбагыла! Эй, Аллахтын пенделери, бир тууган болгула!"

Хузайфа, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте ал айтты: «Мен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтканын уктум: «Ушакчылар бейишке кирбейт»».

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Күнөөсүн жарыя кылгандардан башка үммөтүмдүн баары ккечирилет. Жарыя кылуу мындай, бир адам түн ичинде күнөө кылып, Аллах анын жасаганын жашырат. Тиги болсо күндүзү: "О, баланча, мен түнү мындай, тигиндей иш кылдым" деп өзү жарыя кылат. Түндө аны Раббиси жашырган эле, Аллах жашырганды күндүзү өзү жарыя кылат".

Ибн Умар, радыяллаху анхума, риваят кылып айтты: Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Меккени фатх кылган күнү элге кайрылып мындай деди: «Эй адамдар! Чындыгында, Аллах силерден Исламга чейинки доордун текебердигин жана ата-бабалары менен сыймыктанууларын алып салды. Эй адамдар, Аллах силерден жахилияттын жүгүн жана анын ата-бабаларына болгон текебердигин алып салды. Адамдар эки түрдүү болот: салих, такыба жана Аллахтын алдында урматтуу жана бузуку, бактысыз, Аллахтын алдында эң төмөн. Бардык адамдар Адам атанын балдары. Аллах Таала Адам атаны топурактан жараткан. Аллах Таала айтты: "Оо, адамдар! Биз силерди бир эркек жана бир аялдан (Адам ата менен Обо энеден) жараттык жана бири-бириңерди таанып-билишиңер үчүн силерди элдерге жана урууларга бөлдүк. Чындыгында, Аллахтын алдында силердин эң урматтууңар - эң такыбаңар. Чындыгында, Аллах Билүүчү, Кабардар!". (Аль-Хужурат сүрөөсү, 13-аят)

Аиша, радыяллаху анха, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Чындыгында, Аллахтын алдында адамдардын эң жаманы – өтө талашчаак адам».

Абу Бакра, радыяллаху анху, риваят кылып айтат: «Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: «Эки мусулман бири-бири менен кылычташып урушканда, өлтүргөн да жана өлгөн да тозоко түшөт. Ошондо мен: «Аллахтын Элчиси, бул киши өлтүргөн адам, а бирок өлтүрүлгөн адамда эмне күнөө?» - деп айттым. Аллахтын Элчиси: «Ал да шеригин өлтүргүсү келген» - деди».

Абу Муса Аль-Ашари, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Ким бизге каршы курал көтөрсө, анда ал бизден эмес".

Аиша, ралыяллаху анха, риваят кылган хадисте, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: Өлгөндөрдү тилдебегиле. Анткени алар өздөрү аткарган иш-аракеттерине жетишти.

Абу Айюб Аль-Ансари, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимдир бирөө бир тууганын үч түндөн ашык жүз буруп таштап коюусу туура эмес. Ошентип, ал мындан жүз бурат, бул андан жүз бурат. Алардын эң жакшысы саламды биринчи баштаганы болот».

Сахл ибн Саьд, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимде-ким мага эки жаагы менен эки бутунун ортосундагы (мүчөлөрүн күнөөлөрдөн) сактаймын деп кепилдик берсе, анда мен анын Бейишке кирүүсүнө кепилдик беремин».