- Адам ниетинде күнөө кылууну чечип, күнөөнүн себептерин аткарса, анда ал жазага татыктуу болот.
- Мусулмандар менен согушууга жана алар менен согушкандардын тозокко түшөөрүн катуу эскертти.
- Мусулмандардын ортосунда акыйкат үчүн согушууда, мисалыга: падышага каршы чыккандар менен жана бузукулар менен согушууда эскертилген азапка дуушар болбойт.
- Чоң күнөө кылган адам капыр болбойт. Анткени Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, согушкан эки адамды мусулмандар деп атады.
- Эгер эки мусулман киши өлтүрүүгө мүмкүн болгон кандайдыр бир куралдар менен жолугушуп, бири экинчисин өлтүрсө, анда өлтүргөн адам да жана өлгөн адам да тозокко түшөт. Бул хадисте кылыч мисал катары айтылган.