/ Кимде-ким мага эки жаагы менен эки бутунун ортосундагы (мүчөлөрүн күнөөлөрдөн) сактаймын деп кепилдик берсе, анда мен анын Бейишке кирүүсүнө кепилдик беремин...

Кимде-ким мага эки жаагы менен эки бутунун ортосундагы (мүчөлөрүн күнөөлөрдөн) сактаймын деп кепилдик берсе, анда мен анын Бейишке кирүүсүнө кепилдик беремин...

Сахл ибн Саьд, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимде-ким мага эки жаагы менен эки бутунун ортосундагы (мүчөлөрүн күнөөлөрдөн) сактаймын деп кепилдик берсе, анда мен анын Бейишке кирүүсүнө кепилдик беремин».
Бухари жазып калтырган

Explanation

Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, мусулман адам эки нерсеге бекем болсо, бейишке кирерин кабарлап жатат. Биринчиси: Тилди Аллахтын каарын келтире турган сөздөрдөн сактоо. Экинчиси: Жыныстык мүчөнү зынадан сактоо. Анткени көптөгөн күнөөлөр ушул эки мүчө аркылуу болот.

Hadeeth benefits

  1. Тилди жана жыныстык мүчөнү күнөөдөн сактоо бейишке кирүүгө себеп болот.
  2. Бул дүйнө жана акыретте балээнин көпчүлүгү тил жана жыныстык мүчө себептүү болгондуктан хадисте ал экөөсүн өзгөчөлөп айтты.