- Мусулман мусулман бир туугандары менен согушуусунан катуу эскертти.
- Жер жүзүндөгү эң чоң жийиркеничтүү иштердин жана чоң бузукулуктардын бири – мусулмандарга курал көтөрүү жана өлтүрүү менен бузукулук кылуу.
- Жогоруда айтылган катуу эскертүү акыйкатты тургузуу үчүн күрөшкөндөрдү камтыбайт. Алар мисалы: эл башчысына каршы чыккандар менен согушкандар, бузукулар менен согушкандар ж.б.
- Мусулмандарды тамаша иретинде болсо да курал же башка нерсе менен коркутууга тыюу салынган.