- Кайсы бир жамандыктын белгиси ачык билинип турган адамга жаман күнөө кылуунун зыяны жок. Ыймандуу пенде баамчыл, көрөгөч болуусу керек, бузуку, жаман адамдарга алданбоосу кажет.
- Тыюу салынып жаткан күмөн (доомат) бул дайыма жүрөктө турган жана дайыма боло бере турган күмөн. Ал эми напсиге бир келип, кайра кете берген күмөнгө адам жооп бербейт.
- Тыңчылык, көралбастык, ж.б. сыяктуу мусулман коомчулугундагы адамдардын ортосуна бөлүнүүгө, карым-катышты токтотууга себеп боло турган иштер арам, тыюу салынган.
- Мусулмандар мамилесинде (бири-бирине) насаат айтып, боордоштук кылып, бир туугандык мамиледе болуусун осуят кылган.