Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Оо, адамдар! Аллах Аруу-Таза...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: Аллах Таала Таза, Ыйык, айып, кемчиликтерден аруу, толук сыпаттар менен сыпаттал...
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимде-ким кедейдин карызын төлөө мөөнөтүн ке...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп кабар берди: Кимде-ким карыздар адамдын карызын төлөө мөөнөтүн кечиктирсе, же карызынын бир бөлүгүн...
Жабир, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты. «Сатканда, сатып алганда жана өз акысын талап кылга...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, соода-сатыкта жеңил, кечиримдүү жана берешен болгон адамга ырайым тилеп дуба кылды. Ал адам кардарга бааны көт...
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты. «Бир киши адамдарга ар дайым карыз берет эле....
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, адамдарга карыз берип жакшы мамиле кылган киши жөнүндө же аларга бир нерсени сатканда бир канча мөөнөттөн кийи...
Хавла аль-Ансарийа, радыяллаху анха, риваят кылат: Мен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтканын уктум: «Аллахтын мүлкүн адилетсизди...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мусулмандардын мал-мүлкүн алдамчылык менен иштетип, аны адилетсиз алып жаткан адамдар жөнүндө айтып жатат. Мун...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Оо, адамдар! Аллах Аруу-Таза, таза нерселерди гана кабыл кылат. Аллах Таала ыймандууларга пайгамбарларга буйруган нерсени буйруган. Ал минтип айткан: "Оо, пайгамбарлар! Таза, адал нерседен жегиле! Ийги иш-амалдарды кылгыла! Чынында, эмне кылганыңарды Мен билүүчүмүн" (Муминун, 51-аят). Ошондой эле: "Оо, ыйман келтиргендер! Биз силерге берген ырыскылардын таза-адалынан жегиле...”!" деген (Бакара, 172-аят). Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алыс сапарга чыгып, чачы саксайып жүдөгөн, үстү-башын чаң баскан адам колун өйдө көтөрүп: “ “Оо, Раббим, оо, Раббим” деп дуба кылганын эскерип, анан мындай деди: “Анын жегени арам, ичкени арам, кийгени арам, арамдан азыктанат. Анан анын дубасы кантип кабыл болсун?!”

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимде-ким кедейдин карызын төлөө мөөнөтүн кечиктирсе, же карызынын баарын же бир бөлүгүн кечип салса, анда Аллах аны Кыямат күнү Өз Аршынын көлөкөсүндө башка эч кандай көлөкө жок болгон күнү көлөкө кылат».

Жабир, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты. «Сатканда, сатып алганда жана өз акысын талап кылганда жоомарт адамды Аллах ырайымына алсын».

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты. «Бир киши адамдарга ар дайым карыз берет эле. Ал карызды чогулткан жаш жигитине: «Эгерде кедей карыздар адамга жолугуп калсаң, анда анын карызын кечип жибер. Балким Аллах бизди да кечирээр» - деп айтат эле. Ошондуктан ал көз жумуп Аллахка жолукканда Аллах Таала аны кечирди».

Хавла аль-Ансарийа, радыяллаху анха, риваят кылат: Мен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтканын уктум: «Аллахтын мүлкүн адилетсиздик менен иштеткен эркектер, алар Кыямат күнү тозокто болушат».

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллах Таала айтат: "Адам баласынын бардык амалы өзү үчүн. Бир гана орозосу андай эмес. Анын орозосу Мен үчүн жана анын сооп-сыйын Мен Өзүм берем". Орозо - бул, калканч. Кимдир бирөөңөр орозо кармасаңар, ал күндө жаман сөздөрдү сүйлөбөгүлө, кыйкырып, талашып-тартышпагыла. Эгер орозо адамды бирөө тилдеп же мушташмакчы болсо, ага "мен орозо кишимин" деп айтсын. Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант берип айтам, орозо кармаган адамдын оозунан чыккан жыт Аллахтын алдында мисктин жытынан да жыттуу. Орозо туткан адамдын сүйүнө турган эки убагы бар: биринчиси, ооз ачкан убакта кубанат. Экинчиси, Раббисине жолуккан учурда бул дүйнөдө орозо тутканына кубанат".

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимде-ким Рамазанда ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып орозо кармаса, анда анын мурунку күнөөлөрү кечирилет».

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Эң сүйүктүү досум (пайгамбар) (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мага үч ишти осуят кылды: ар айда үч күндөн орозо кармоону; (күн сайын) эки рекеттен чашке намазын окууну; уктаардан мурда витр намазын окуп жатууну".

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимде-ким Кадыр түндү ыйман келтирген абалда жана сооп үмүт кылып (ибадат менен) өткөрсө, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет».

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылып айтат: Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: «Кимде-ким Аллах үчүн аялы менен жыныстык катнаш кылбай жана бузукулук иштерди кылбай ажылык кылса, анда ал энеден төрөлгөндөй күнөөлөрүнөн таза болуп кайтат».

Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Аткарылган жакшы амалдары Аллахка сүйкүмдүү болгон мына ушул күндөрдөн өткөн башка күн жок" т.а. Зулхижжанын баштапкы он күнү" . Сахабалар: О, Аллахтын элчиси, Аллах жолундагы жихад да буга жетпейби? - деп сурады. "Аллах жолундагы жихад да жетпейт. Бир гана өз мал-жаны менен чыгып, кайра кайтпай калган адамдын сообу буга жетет" - деди.

Абу Хавра Саъидий айтат: Хасан бин Алиге (аларга Аллах ыраазы болсун): Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) угуп эстеп калган хадистериң барбы? - дедим. Ал: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дегенин эстеп калгам: "Шек-күмөн жаратып турган ишти таштап, шек-күмөнү жок ишти аткар. Чынчылдык - бейкуттукту, жалган айтуу болсо, шектенүүнү алып келет".