Усман бин Абу аль-Аас, радыяллаху анху, риваят кылат: Усман бин Абу аль-Аас, радыяллаху анху, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: "Оо, Ал...
Усман бин Абу аль-Аас, радыяллаху анху, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намаз окуп жатканымда шайтан азгыры...
Абу Хурайра, радыяллаху анху, рываят кылган хадисте Аллахтын элчиси, саллалаху алейхи уа саллам, айтты: "Адамдардын эң жаманы – өзүнүн намазынан уурда...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, уурулук кылган адамдын эң жаманы, намазынан уурдаган адам экенин баяндады. Себеби, башка бирөөнүн акчасын алуу...
Абу Хурайранын (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Силердин бириңер башын имам...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) башын имамдан мурда көтөрүп алган адамга катуу эскертүүнү баян кылган. Аллах анын башын эше...
Абу Саид ал-Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Эгерде силерден бирөөң...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эгер намаз окуп жаткан адам үчүнчү рекетти окудумбу же төртүнчү рекетти окудумбу деп эки ан...
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Жаркырап күн чыгып жаткан күнд...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күн чыгып башталган күндөрдүн эң жакшысы жума күнү экенин баяндады. Жума күнүнүн өзгөчөлүкт...

Усман бин Абу аль-Аас, радыяллаху анху, риваят кылат: Усман бин Абу аль-Аас, радыяллаху анху, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намазда Куран окуп жатканымда шайтан аралашып, мени адаштырууга аракет кылып жатат" - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Бул "Ханзаб" деп аталган шайтан. Эгерде аны сезсең, анда Аллахтан андан коргоо тилегин жана үч жолу сол тарабыңа түкүргүн". Усман бин Абу аль-Аас, радыяллаху анху, айтты: "Ошондо мен ушундай кылдым, Аллах Таала аны менден кетирди".

Абу Хурайра, радыяллаху анху, рываят кылган хадисте Аллахтын элчиси, саллалаху алейхи уа саллам, айтты: "Адамдардын эң жаманы – өзүнүн намазынан уурдаган адам" - деди. Абу Хурайра айтты: "Намазын кантип уурдай алат?". Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Намазынын рүкүсүн да, саждасын да толук кылбайт".

Абу Хурайранын (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Силердин бириңер башын имамдан мурда көтөрүп алса, Аллах анын башын эшектин башындай, же анын кейпин эшектин кейпиндей кылып коюусунан коркпойбу".

Абу Саид ал-Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Эгерде силерден бирөөңөр намаз окуп жатып үч рекетпи же төрт рекетпи окуганын билбей шектенип калса, шектенип турганын эмес, анык болуп турганын улантып окуй берсин. Анан намаздын акырында салам берүүдөн мурда эки жолу сажда кылсын. Эгер беш рекет кылып бир рекет ашыкча окуп алса, ошол эки сажда менен ал жуп болуп калат. А эгер төрт рекет болуп намаз так болуп калса, анда эки сажда шайтанга сокку болот".

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Жаркырап күн чыгып жаткан күндөрдүн эң жакшысы бул - жума күн. Бул күнү Адам ата жаратылган. Ушул күнү ал бейишке киргизилген. Ушул күнү бейиштен чыгарылган. Кыямат дагы дал ушул күнү болот".

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким жума күнү жунуптуктан жуунгандай жуунуп, анан эртелеп мечитке барса, төөнү курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам уйду курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам мүйүздүү кочкорду курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам тоокту садака кылгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам жумуртканы садака кылгандай сооп алат. Имам кутпа айтуу үчүн минбарга чыкканда периштелер зикирди угуу үчүн чогулат".

Савбан (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаз окуп бүткөндө үч жолу истигфар айтып, анан: "Аллахумма антас-салам, ва минкас-салам, табааракта зал жалаали вал икрам" деп айтчу. Валид айтат: Авзаъийден: Истигфарды кантип айтат? - деп сурасам, ал: Астагфируллох, астагфируллох... деп айтасың - деди.

Абу Зубайр айтат: Ибн Зубайр бардык парз намаздын соңунда салам бергенден кийин: "Лаа илааха иллаллооху вахдаху лаа шарика лах, лахул мулку ва лахул хамду ва хува аълаа кулли шайиң кодир, лаа хавла ва лаа куввата илла биллах, лаа илааха иллаллооху, ва лаа наъбуду илла ийяху, лахун-ниъмату ва лахул-фадлу ва лахус-санааул хасан, лаа илааха иллаллооху мухлисиина лахуддина ва лав карихал каафируун" деп айтып, анан: " Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушул сөздөрдү ар бир намаздан кийин айтчу" - деди.

Аль-Мугира бин Шуъбанын катчысы Варраддан риваят кылынат. Ал мындай дейт: "Мугира бин Шуъба мага Муавияга жазган катында айтты: "Чындыгында, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ар бир парз намаздын аягында мындай деп айтчу: “Лаа илааха иллаллаху, уахдаху лаа шариика лаху, лахул мулку, уа лахул хамду, уа хува алаа кулли шай ин Кадиир. Аллахумма лаа мааниьа лимаа аьтойта уа лаа муутиьа лимаа манаьта, уа лаа йанфаьу зал жадди минкал жадду".

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким ар бир парз намаздан кийин отуз үч жолу Аллахка тасбих айтса, отуз үч жолу алкыш-мактоо айтса, отуз үч жолу такбир айтса, жалпы токсон тогуз болуп, жүзүнчүсүн: "Лаа илаха иллаллааху вахдаху лаа шарикалах, лахул мулку, ва лахул хамду, ва хува алаа кулли шайин кодиир" деп жыйынтыктаса, деңиздин көбүгүндөй көп күнөөсү болсо да кечирилет".

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким ар бир парз намазынан кийин "Аят ал-Курси" деген аятты окуп жүрсө, анын бейишке кирүүсүн өлүмү гана тосуп турат".

Ибн Умар (атасы экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтат: "Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) он ирекет намазын эстеп калдым : бешимден мурда эки ирекет, бешимден кийин эки ирекет окуганын. Шамдан кийин үйүндө эки ирекет окуганын. Куптандан кийин да эки ирекет үйүндө окуганын. Дагы багымдат намазынан мурда эки ирекет окуганын. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанына кирбей турган да убак бар болчу. Мага Хафса да минтип айткан: Азанчы азан чакырып, таң сүргөндө (пайгамбар) эки ирекет намаз окучу. Башка риваятта: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жума намазынан кийин эки ирекет намаз окур эле - деп келген.