- Жума күнү намазга барардан мурда жуунуу зарыл.
- Жума намазына күндүн алгачкы бөлүгүндө эртелеп баруу артыкчылыктуу иш.
- Ийги иш-амалдарды аткарууга шашылуу керек.
- Жума намазына периштелер да келет жана кутпаны угат.
- Жума намазына келгендерди периштелер катары менен жазып турат.
- Ибн Ражаб айтат: Хадистеги "Кимде-ким жума күнү жуунуп, анан эртелеп мечитке жөнөсө..." дегени жума үчүн жуунуунун абалкы учуру күн чыккан учур, акыркы учуру жумага жөнөгөн учур".