Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) он ирекет намазын эстеп калдым
Ибн Умар (атасы экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтат: "Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) он ирекет намазын эстеп калдым : бешимден мурда эки ирекет, бешимден кийин эки ирекет окуганын. Шамдан кийин үйүндө эки ирекет окуганын. Куптандан кийин да эки ирекет үйүндө окуганын. Дагы багымдат намазынан мурда эки ирекет окуганын. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанына кирбей турган да убак бар болчу. Мага Хафса да минтип айткан: Азанчы азан чакырып, таң сүргөндө (пайгамбар) эки ирекет намаз окучу. Башка риваятта: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жума намазынан кийин эки ирекет намаз окур эле - деп келген.
Бардык айтымдарынын ишенимдүүлүгүнө макулдашылган
Explanation
Абдуллах бин Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эстеп калган, сунан раватиб деп аталган напил намаздар он ирекет экенин баяндайт. Эки ирекет бешимден мурда, эки ирекет андан кийин. Шамдан кийин үйүндө эки ирекет. Куптандан кийин үйүндө эки ирекет. Багымдаттан мурда эки ирекет. Ушуну менен он ирекет болду. Ал эми жума намазынан кийин эки ирекет окуган.
Hadeeth benefits
Бул раватиб намаздарды ар дайым окуп жүрүү жакшы көрүлгөн амалдардан.
Сүннөт намаздарды үйдө окуу шариятка ылайык.
Share
Use the QR code to easily share the message of Islam with others