Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылып айтты: "Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: Аллах таала айтты:...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, хадиси кудсийде, Аллах Тааланын айтканын кабар берди: "Мен Фатиха сүрөөсүн намазда Өзүм менен пендемдин ортосу...

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылып айтты: "Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: Аллах таала айтты: "Намазды Менин жана пендемдин ортосунда экиге бөлдүм, ошондой эле пендеме сураган нерсеси (берилет). Эгерде пенде: "Альхамду лиллахи Роббиль ааълямиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага шүгүрлөрдү айтты". Эгерде пенде: "Ар-Рахманир Рахийм" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага мактоолорду айтты". Эгер пенде: "Маалики яумуддиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мени улуктады". Эгерде пенде: "Иййака наьбуду ва иййака настаьийн" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул Мени менен пендемдин ортосундагы (нерсе) жана Пендеме сураган нерсеси (берилет)". Эгерде пенде: "Ихдинас сиротоль мустакийм. Сиротоль лязиина анъамта аълайхим гойриль магдууби алайхим уа ляд-дооооллиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул пендем үчүн, пендеме сураган нерсеси (берилет)".

Бурайда, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Чындыгында, биз менен алардын ортосундагы келишим намаз, ким аны таштаса, каапыр болот".

Жабир, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, ал айтты: "Мен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтып жатканын уктум: "Чындыгында, адам менен ширк, каапырлыктын ортосунда намазды таштоо гана турат".

Салим бин Абу аль-Жаад риваят кылат: "Бир адам айтты: "Мен намаз окуп, эс алсам гана" - деди эле сахабалар бул үчүн аны айыптагандай болушту. Ошондо ал айтты: "Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтканын уктум: "Эй, Билал, намазга чакыр жана намаз менен бизди эс алдыр".

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) такбир айтып намазга киргенден кийин (Фатиханы) окуганга чейин бир саамга унчукпай турчу. Ошондо мен: О, Аллахтын элчиси, ата-энем сага курман болсун, такбир менен кырааттын ортосунда унчукпай турдуңуз, ал учурда эмнени окуйсуз? - деп сурадым. Ал: " Аллахумма баъид байни ва байна хотойайа камаа баъадта байнал машрики вал магриб, Аллахумма наккини мин хотойайа камаа йунаккас савбул абйазу минад-данаси, Аллахуммаг силнии мин хотойайа бис-салжи вал-мааи вал-баради" деп айтамын" - деди.

Ибн Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазды баштаганда эки колун эки ийининин тушуна чейин көтөрчү. Рүкү кылуу үчүн такбир айтканда, рүкүдөн башын өйдө кылганда эки колун ошондой көтөрчү. Анан: "Самиъа Аллаху лиман хамидах, роббанаа лакал хамду" деп айтчу. Саждада мындай кылчу эмес.

Убада бин Саамит (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Фатиханы окубаган адамдын намазы жок".

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылат: "Чындыгында, Абу Хурайра, радыяллаху анху, ар бир парз намазда жана башка убакта, Рамазанда жана башка убакта рүкү кылып жатканда: "Аллаху Акбар" - деп такбир айтып, рүкүдөн турганда: “Самиьаллаху лиман хамидах” - деп айтып, андан кийин саждага барардан мурда "Раббанаа лакал хамду" деп айтчу. Андан кийин саждага жыгылганда "Аллаху акбар" деп такбир айтып, саждадан башын көтөргөндө "Аллаху акбар" деп такбир айтып, андан кийин кайра сажда кылып жатканда "Аллаху акбар" деп такбир айтып, андан кийин саждадан башын көтөргөндө "Аллаху акбар" деп такбир айтчу. Андан кийин эки сажданын ортосуна отурганы турганда “Аллаху акбар” деп такбир айтчу. Ал намазды бүтүргөнгө чейин ар бир рекетте ушундай кылган". Намазын окуп бүткөндөн кийин: "Менин жаным Анын колунда болгон Затка касам! Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, намазына эң жакын окшоштурдум. Чындыгында Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, дүйнөнү таштап кеткенге чейинки намазы ушул болгон" - деп айткан".

Ибн Аббастын (аларга Аллах ыраазы болсун) риваятында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Жети мүчөмдү жерге тийгизип сажда кылууга . Бешене, анан колу менен мурдун көрсөтүп ишаара кылды, эки кол, эки тизе жана эки буттун учу. Ошондой эле кийимди кымтыланбоого жана чачты байлап албоого буйрулдум".

Абу Умама айтат: Мага Амр бин Абаса (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) укканын минтип айтты: "Аллахтын пендеге эң жакын боло турган учуру - түндүн акыркы бөлүгү. Эгер колуңдан келсе, ошол убакта Аллахты зикир кылуучулардан бол"

Жарир бин Абдуллах (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Биз Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында элек. Ал түнкү айга, тагыраак айтканда, толуп турган айга карап: " Раббиңерди ушул айды көрүп турган сыяктуу көрөсүңөр, Аны көрүүдө эч кыйналбайсыңар. Эгер күн батардагы жана күн чыгардагы намазга тоскоолдуктарды жеңе аласаңар, анда ушул эки намазды аткаргыла" - деди да, анан: "Күн чыгардан мурда жана күн батарда Раббиңе мактоо айтуу менен Аны аруула" деген аятты окуду.

Абу Муса Ашари (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким эртең мененки жана кеч курунку намазды окуса, бейишке кирет".