- Түндүн акыркы бөлүгүндө зикир кылуу зарыл.
- Зикир, дуба жана намаз ибадаттары аткарыла турган артыкчылыктуу убактар бар.
- Муайрик минтип айткан: "Аллах пендеге эң жакын болгон учур" деген хадис менен "Пенде Раббисине эң жакын болгон учур анын сажда кылган учуру" деген хадистин бири-биринен айырмасы мындай: биринчисинде Аллах Тааланын пендеге эң жакын боло турган убакыт жөнүндө айтылган. Бул убакыт түндүн акыркы бөлүгү. Ал эми экинчисинде пенденин Аллахка жакын боло турган абалы тууралуу айтылган. Бул абал пенденин саждадагы абалы.