- Намазда сажда жети мүчө менен кылынуусу важыб.
- Намазда кийимди, чачты кымтылап байлоо макирөө.
- Намаз окуучу адамга намазда бейпил, тынч болуусу важыб. Бул саждадагы жети мүчөнү жерге тегиз тийгизип, шариятта айтылган зикр-дубаларды айтканча саждада шашпай туруу менен болот.
- Чачты байлоодон тыюу эркектерге гана тиешелүү. Анткени аял киши намазда толук жамынып окууга буйрулган.