- Фатиха сүрөөсүнүн эң чоң мааниси – Аллах Таала аны намаз (Солах) деп атаган.
- Аллах Тааланын Өзүнүн пендесине жардам берээрин баяндап жатат. Анткени Аллах Таала аны мактоо-шүгүрлөрдү айтканы себептен жана улуктаганы себептен мактады жана сураганын берем деп убада берди.
- Бул ыйык сүрөө Аллахка мактоо-шүгүрлөрдү айтууну, Кыямат күнүн эскертүүнү, Аллахка дуба кылууну, Ага гана чын ыкластан ибадат кылууну, туура жолго салууну суроону жана бузуку жолдордон сактанууну камтып алган.
- Намаз окуучу бул хадистин маанисин түшүнсө Фатиха сүрөөсүн окуган кезде анын намаздагы коркуп туруусу күчөйт.