- Намазда колун көтөрүүнүн сыры - намазга кооздук жана Аллах Тааланы улуктоо.
- Мындан сырткары Абу Хумайд ас-Саъидинин Абу Дауд ж.б. айтылган хадисинде пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дагы бир учурда колун көтөргөнү айтылган. Бул үч жана төрт ирекеттүү намаздарда биринчи ташахуддан турган учур.
- Дагы пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) колдорун кулак түшуна чейин көтөргөнү бирок кулагына тийгизбегени айтылган. Маалик бин Хувайристин эки ишенимдүү хадистер топтомунда айтылган хадисинде: "Аллахтын элчиси (Аллаху Акбар деп) такбир айтканда эки колун кулактарынын тушуна чейин көтөргөн" деп айтылат.
- Самиъа Аллаху лиман хамидах деп айтуу имамга анан өзү жалгыз намаз окуган кишиге тиешелүү. Ал эми имамга уюган киши: Роббана ва лакал хамду деп айтат.
- Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтылган "Роббана ва лакал хамду" деген сөз төрт түрдө айтылат. Бири ушул. Жакшысы бул дубаны жана башкасын билип билип, кээде бирин, кээде башкасын айтып туруу керек.