Абдуллах бин Масуъд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Кайсы күнөө Аллах үчүн өтө оор? - деп пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) с...
Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эң чоң күнөөлөр тууралуу суралды эле, ал мындай деди: Күнөөнүн эң чоңу - чоң ширк. Чоң...
Абу Хурайра, радыяллаху анху, рываят кылган хадисте Аллахтын элчиси, саллалаху алейхи уа саллам, айтты: «Улуу Аллах Таала айтты: «Мен ширк келтирген ш...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллах Таала ширк келтирген шериктерге муктаж эмес. Бардык нерсе Аллахка муктаж. Ал эч бир нерсеге муктаж эмес...
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Менин үммөтүмдөн баш тарткандардан башкасыны...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, үммөтүнүн тыйылгандардан башкасынын баары бейишке кире турганын кабарлап жатат. Сахабалар: «Ким бейишке кир...
Умар ибн Аль-Хаттаб, радыяллаху анху, айтты: Мен пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: «Мени христиандар Марямдын бала...
Христиандар Иса пайгамбарды Аллахка таандык сыпаттар менен сүрөттөгөндөй, Пайгамбарыбыз өзүн шарияттын чегинен ашып мактоо жана Аллахка таандык сыпатт...
Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Силердин эч бириңер мен ага атасынан, бал...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман киши ага болгон махабатын энесинин, атасынын, баласынын, кызынын, деги эле бардык...

Абдуллах бин Масуъд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Кайсы күнөө Аллах үчүн өтө оор? - деп пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сурадым. "Ал сени жаратканына карабай, Ага башканы шерик кошууң" - деди. Ырас, бул өтө оор. Андан кийин кайсы күнөө? - деп сурадым. "Өзүң менен бирге аны багуудан коркуп, балаңды өлтүрүүң" - деди. Андан кийин кайсы? - дедим. "Кошунаңдын аялы менен ойноштук кылууң" - деди.

Абу Хурайра, радыяллаху анху, рываят кылган хадисте Аллахтын элчиси, саллалаху алейхи уа саллам, айтты: «Улуу Аллах Таала айтты: «Мен ширк келтирген шериктерге муктаж эмесмин. Ким Мага иш-аракетти кылууда башканы шерик кошсо, анда Мен аны ошол ширкине таштаймын.

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Менин үммөтүмдөн баш тарткандардан башкасынын баары бейишке кирет. Ошондо: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким баш тартат?» - деп айтышат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Ким мага моюн сунса, Бейишке кирет. Ким мага моюн сунбаса, анда баш тарткан болот» - деп айтты».

Умар ибн Аль-Хаттаб, радыяллаху анху, айтты: Мен пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: «Мени христиандар Марямдын баласын чектен ашып улуктагандай улуктабагыла. Чындыгында, мен Анын (Аллахтын) кулумун. Силер мени: «Аллахтын кулу жана элчиси» - деп айткыла».

Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Силердин эч бириңер мен ага атасынан, баласынан, жалпы эле адамдардан сүйүктүү болмоюнча толук ыймандуу боло албайт"

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Мен силерге айтпаган нерсени ошол бойдон калтыргыла! Анткени, силерден мурдагылар керексиз көп суроо бергени жана пайгамбарларына каяша кылганы үчүн кыйрап жок болгон . Ошондуктан, эгер мен силерди бир нерседен тыйсам, андан алыс болгула. Эгер кайсы бир ишке буйрусам, аны чамаңардын жетишинче аткаргыла".

Абдулла бин Амр, радыяллаху анхума, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Менден бир аят болсо да жеткиргиле. Бану-Исраилдин окуяларын айта бергиле, анда эч кандай күнөө жок. Ким менин атымдан атайылап жалган айтса, анда тозоктон жайын даярдай берсин».

Аль-Микдам бин Муадикариб, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, ал айтты: Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Бир кишиге менин бир хадисим жетсе, ал сөөрүсүндө жөлөнүп отуруп алып: «Силер менен биздин ортобузда Аллахтын Китеби бар. Андан адал деп тапканыбызды адал кылабыз, арам деп тапканыбызды арам кылабыз. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, арам кылган нерсени Аллах арам кылган» - деп айтуусуна жакын калбадыбы?!.

Аиша жана Абдулла бин Аббас, радыяллаху анхума, риваят кылган хадисте ал экөөсү айтты: "Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, өлүм жакындаганда жүзүнө чүпүрөк жаап, өлүм азабынан дем алуусу кыйындаганда, аны жүзүнөн алып салып жатты. Ал ошондой оор абалда жатып: "Аллах яхудийлерди жана христиандарды каргыштады. Алар өздөрүнүн пайгамбарларынын мүрзөлөрүн мечит кылып алышкан" - деп алардын кылгандарынан эскертип жатты".

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Оо, Аллах, менин кабырымды адамдар сыйына турган эстеликке (идол) айлантпа. Аллах пайгамбарларынын кабырын мечитке айланткан коомду каргыштады».

Абу Хурайра, радыяллаху анху, рываят кылган хадисте Аллахтын элчиси, саллалаху алейхи уа саллам, айтты: «Үйүңөрдү мүрзөгө айлантып албагыла. Менин кабырымды кез-кезде ибадат кылуучу жай кылып албагыла. Мага салават айткыла. Чындыгында, силер кайсыл жерде болсоңорда силердин салаватыңар мага жетип турат».

Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Умму Салама Эфиопия жеринде "Мария" деп аталган чиркөөнү көргөнүн, анын ичинде (ар түрдүү) сүрөттөр бар экенин Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кеп кылат. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): " Эгер арасындагы ийги иш-амалдарды кылган пенде (же киши) дүйнөдөн өтсө, анын кабырына мечит куруп . Анан ага жанагындай сүрөттөрдү тартышат. Мына ошолор Аллахтын алдындагы эң жаман калайык" - деди.