- Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүйүү жана ага болгон сүйүүнү бардык жаратылгандардын сүйүүсүнөн алдыга коюу важиб.
- Ага болгон сүйүүнүн толуктугу: Аллахтын элчисинин сүннөтүнө жардам берүү жана ага өзүн арнап, мал-мүлкүн жумшоо.
- Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүйүү анын буйруктарына баш ийүүнү, ал айткандарга ишенип тастыктоону, ал тыйган нерселерден тыйылууну жана ага эргешип, бидаатты таштоону ичине камтыйт.
- Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) акысы бардык адамдардын акысынан улук жана маанилүү. Анткени, ал биздин туура жолго түшүүбүзгө, тозоктон кутулуубузга, бейишке кирүүбүзгө себеп болот.