Абдуллах бин Умар (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Баарыңар кайтару...
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) коомчулуктагы ар бир мусулмандын кам көрүшү жана көтөрүүсү керек болгон жоопкерчилик жүктөлгөнд...
Аиша, радыяллаху анха, риваят кылган хадисте мындай деп айтты: Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, менин үйүмдө минтип айтканын уктум...
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мусулмандын иштерин башкарган адам жаш болсун же улгайган болсун, алардын баарына дуба кылды. Жана бул б...
Тамим ад-Даари, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Дин — бул насаат» - деп айтты. Ошондо биз: «Оо,...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Ислам динин кармануу - чын ыкластуулукка жана чынчылдыкка негизделгенин, Аллах буйругандай толук, кемчиликсиз...
Айша, радыяллаху анха, риваят кылат: «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, бул аятты окуду: «Ал сага (теңдешсиз) Китеп түшүргөн Зат. Анын ичи...
Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам: «Ал сага (теңдешсиз) Китеп түшүргөн Зат. Анын ичинен Китептин энеси (маңызы) болгон мухкам-анык аяттар жан...
Абу Саид аль-Худри, радыяллаху анху, риваят кылат: "Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: «Силердин кимиңер...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, жамандыкты, б.а. Аллах жана Анын Элчиси тыюу салган нерселердин бардыгынан адамдын мүмкүнчүлүгүнө жараша токто...

Абдуллах бин Умар (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Баарыңар кайтаруучусуңар жана кайтарганыңарга жоопкерсиңер. Адамдарга кайтаруучу болгон башчы аларга жоопкер. Эркек киши үй-бүлөсүн кайтаруучу, ал аларга жоопкер. Аял киши күйөөсүнүн үйүнө жана балдарына кайтаруучу, ал аларга жоопкер. Кул кожоюнунун мал-мүлкүнө кайтаруучу, ал ага жоопкер. Билип алгыла, баарыңар кайтаруучусуңар жана баарыңар жоопкерсиңер".

Аиша, радыяллаху анха, риваят кылган хадисте мындай деп айтты: Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, менин үйүмдө минтип айтканын уктум: «Оо, Аллах! Кимде-ким менин үммөтүмдүн иштерин башкарып, аларды кыйнаса, анда ага кыйынчылык бер. Кимде-ким менин үммөтүмдүн иштерин башкарып, аларга жылуу мамиле кылса, анда ага боорукерлик кыл».

Тамим ад-Даари, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Дин — бул насаат» - деп айтты. Ошондо биз: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким үчүн?» - деп сурадык. Ал: «Аллах үчүн, Аллахтын Китеби үчүн, Аллахтын Элчиси үчүн, мусулмандардын башчылары үчүн жана жалпы мусулмандар үчүн» - деп айтты».

Айша, радыяллаху анха, риваят кылат: «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, бул аятты окуду: «Ал сага (теңдешсиз) Китеп түшүргөн Зат. Анын ичинен Китептин энеси (маңызы) болгон мухкам-анык аяттар жана алардан башка муташабих (түшүнүлүшү оор) аяттар орун алган. Ал эми жүрөгүндө илдет-ийрилик болгон адамдар аны (өз каалоолоруна ылайыктап) түшүндүрүүнү жана бузукулукту үмүт кылып, муташабих аяттарды ээрчишет. Ал муташабих аяттын түшүндүрмөсүн Аллахтан бөлөк эч ким анык билбейт. Ошондуктан терең илимдүү адамдар: «Биз Куранга ыйман келтиргенбиз. Анын аяттарынын бардыгы Раббибибизден келген» - дешет. Акылдуу адамдар гана андан эскертме алышат». (Аали Имран, 7) Андан соң Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: «Эгерде андагы түшүнүүгө оор болгон аяттарды өзүнүн максатына ылайыктап түшүнгөн адамдарды көрсөң, анда алар Аллах бул аятта айткан адамдар. Алардан сак бол» - деп айтты».

Абу Саид аль-Худри, радыяллаху анху, риваят кылат: "Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: «Силердин кимиңер күнөө ишти көргөн болсо, анда аны колу менен токтотсун! А эгерде колу менен токтото албаса, анда тили менен токтотсун! Ал эми тили менен да токтото албаса, анда жүрөгүнөн жек көрсүн! Мына бул ыймандын эң алсыздыгы».

Нуъман бин Баширдин (аларга Аллах ыраазы болсун) риваятында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллхтын чегинде турган жана ага кирип кеткен адамдын мисалы, бир адамдарга окшойт, алар кемеге чыгарда чүчү кулак кылып, кээ бири үстүнкү кабатына, кээ бири астына жайгашат . Астына жайгашкандар суу алмакчы болгондо үстүндөгүлөрдү аралап өтөт. Анан алар өзүнчө: Эгер биз өзүбүздүн энчибизге кеменин түбүн тешип алсак, үстүндөгүлөргө зыяныбызды тийгизбейбиз - деп айтышат. Эгерде аларды каалаганын кыла берсин деп тек коюшса, баары чөгүп кетет. А эгер аларды колдон камап токтотуп калышса, алар өздөрү да (өлүмдөн) кутулат жана баары кутулушат.

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким туура жолго багыт берсе, ал аны ээрчиген адамдардай эле сооп алат, мындан тигилердин сообу да кемип калбайт . Ал эми ким адашууга багыт берсе, аны ээрчип адашкандардын күнөөсүндөй күнөөгө батат, мындан тигилердин күнөөсү да кемибейт".

Абу Масууд Аль-Ансари, радыяллаху анху, айтты: Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына бир киши келип: «Менин улоом өлүп калды, мага мени мингизип алып жүргөнү улоо берчи» десе, Пайгамбар ага: «Менде жок» - деди. Башка бир киши: «Оо, Аллахтын Элчиси, мен ага аны ким мингизип аларын көрсөтөм» - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: «Ким жакшылыкка жол көрсөтсө, анда ага аны аткарган адамдын сообундай сооп болот» - деп айтты.

Сахл бин Саъд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Хайбар согушу болгон күнү минтип айткан: "Бул тууну эртең Аллахтын каалоосу менен жеңишке жете турган адамдын колуна карматам. Ал Аллахты жана Анын элчисин жакшы көргөн адам. Аллах жана Анын элчиси да аны жакшы көрөт". Бул түнү адамдардын баары тууну кимисине берер экен деп ойлонуп чыгышты. Эртеси таңда баары мага берип калар бекен деген үмүт менен Аллахтын элчисинин жанына чогулушту. Ал: "Али бин Абуталиб кайда жүрөт?" - деп сурады. Анын көзү ооруп калыптыр - деди бирөөлөр. "Аны чакырып келгенге бирөөнү жөнөткүлө" - деди. Алини чакырып келишти эле, пайгамбарыбыз куттуу шилекейин анын көзүнө сүртүп, дуба кылды. Көзү такыр оорубагандай болуп, дароо айыгып калды. Анан анын колуна тууну карматты. Али: О, Аллахтын элчиси, алар биз сыяктуу мусулман болгонго чейин согуша берейинби? - деп сурады. "Алардын чептерине жеткениңден кийин аларга Исламга кирүүсүн сунуш кыл. Эгер кабыл кылышса, аларга тиешелүү Аллахтын акыларын айтып түшүндүр. Аллахка ант берип айтамын, сенин себебиң менен бир адам динге кирсе, бул сага кызыл төөгө ээ болгонуңдан да жакшы" - деди.

Ибн Умар, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, ал айтты: Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Ким бир коомго өзүн окшотсо, анда ал ошолордон».

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Адам досунун дининде болот. Ошондуктан ар кимиң ким менен дос болоруна карасын".

Тамим Дари (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Бул дин түндүн караңгылыгы менен күндүн нуру жеткен жердин баарына жетет. Аллах Таала бул динди киргизбеген же ылайдан салынган, же кийизден жасалган үй калбайт. Ал бирөөлөрдү ызаттуу кылса, бирөөлөрдү кор кылат. Исламды кабыл кылгандарды Аллах ызаттуу кылат. Каапыр болгондорду Аллах кор кылат" Тамим Даари айтат: Бул хадисте айтылганды мен өзүмдүн жакындарымдан көрдүм. Алардын арасынан динди кабыл кылгандары жакшылыкка жетип, кадыры артып, ызаттуу болду. Динди кабыл кылбай каапыр болгондору кордук тартып, кор болушуп, салык төлөп калышты.