/ Оо, Аллах! Кимде-ким менин үммөтүмдүн иштерин башкарып, аларды кыйнаса, анда ага кыйынчылык бер. Кимде-ким менин үммөтүмдүн иштерин башкарып, аларга жылуу мамиле кылса, анда ага боорукерлик кыл...

Оо, Аллах! Кимде-ким менин үммөтүмдүн иштерин башкарып, аларды кыйнаса, анда ага кыйынчылык бер. Кимде-ким менин үммөтүмдүн иштерин башкарып, аларга жылуу мамиле кылса, анда ага боорукерлик кыл...

Аиша, радыяллаху анха, риваят кылган хадисте мындай деп айтты: Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, менин үйүмдө минтип айтканын уктум: «Оо, Аллах! Кимде-ким менин үммөтүмдүн иштерин башкарып, аларды кыйнаса, анда ага кыйынчылык бер. Кимде-ким менин үммөтүмдүн иштерин башкарып, аларга жылуу мамиле кылса, анда ага боорукерлик кыл».
Муслим жазып калтырган

Explanation

Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мусулмандын иштерин башкарган адам жаш болсун же улгайган болсун, алардын баарына дуба кылды. Жана бул башкаруу жалпы башкаруу болсун же жеке башкаруу болсун, ал башчы аларга жылуу мамиле кылбай машакат туудурган болсо, анда Аллах таала аны кылган ишине жараша машакатка салып коёт. Кимде-ким аларга жылуу мамиле кылса жана алардын иштерин жеңилдетсе, анда Аллах ага боорукерлик кылат жана анын иштерин жеңилдетет.

Hadeeth benefits

  1. Кимде-ким мусулмандардын кайсы бир иштеринде башчылык кылса, анда колунан келишинче аларга жылуу мамиле кылышы келек.
  2. Иш-аракеттердин түрүнө жараша сооп-сыйлык же жаза болот.
  3. Жылуу мамиле же катаал мамиле деп эсептелген мамилелердин чен-өлчөмү Куранга жана сүннөткө каршы келбеши керек.