- Азбы, көппү, жол көрсөтүп туура жолго үндөөнүн артыкчылыгы. Кайсы бир ишке жол көрсөтүүчү ошол ишти иш жүзүндө аткарган адамдай эле сооп алат. Бул Аллахтын пазилетинин улуулугу жана берешендигинин толуктугунун белгиси.
- Азбы, көппү, адаштыра турган жолго үндөөнүн корунучтуулугу. Анткени, мындай жолго чакырган адам, ошол ишти кылган адамдын күнөөсүндөй эле күнөөкөр болот.
- Жаза - иштин жынысына жараша болот. Ким жакшы ишке үндөсө, аны аткарган адамдын сообундай сооп алат. Ал эми ким жаман ишке үндөсө, аны аткарган адамдын күнөөсүндөй күнөөгө батат.
- Мусулман адам башкалардын көзүнчө күнөө кылып, анан аны бирөө туурап алуусунан этият кылуусу керек. Анткени, аны туураган адамды ал күнөөгө үндөбөсө деле, анын себебинен күнөөкөр болуп калат.