- Коомчулукту сактоодо, анын жамандыктан оолак болуусуна жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруунун ролу чоң.
- Таалим берүүнүн (таасирдүү) жолдорунун бири мисал келтирип салыштыруу. Мындайда даана сүрөттөө болгондуктан, маани акылга бат жетет.
- Эч кандай тыюусуз ачык аткарылып жаткан жаман иш - коомго зыянын тийгизе турган бузукулук болуп эсептелет.
- Коомчулуктун кыйроосу - жер бетинде бузукулукту тараткан жаман иш кылуучуларды тыйбай коюунун натыйжасы.
- Ниет туура болуп туруп, туура эмес аракет кылуу амалдын туура экендигин билдирбейт.
- Мусулман коомундагы жоопкерчилик жалпы баарына тиешелүү, жеке бир адамга байланган эмес.
- Жеке аткарылган күнөөнү эч ким тыйбаса, анын азабы жалпыга бирдей болот.
- Жаман иштерди кылуучулар кылган иштерин коомчулукка жакшы иш катары көрсөтүшөт, эки жүздүүлөр сыяктуу.