Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Жаным Анын колунда турганга...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Марямдын уулу Иса пайгамбар адамдарга адилеттүү жана Мухаммаддын шарияты менен өкүм кылуу ү...
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылат: «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, амекисине: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок деп...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, агасы Абу Талиб өлүм алдында жатканда кыяматта ага шапаат кылуусу үчүн «Лаа илааха иллаллах» деп айтуусун сура...
Абдулла бин Амр, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Менин Хаудум бир айлык жолдун алыстыгындай чоң...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Кыямат күнү анын узундугу жана туурасы бир айлык жол болгон Хауду тууралуу кабар берди. Ал эми анын суусу сүтт...
Абу Саид аль-Худри, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Өлүм ала түстүү кочкордун кейпиндей б...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Кыямат күнү өлүмдүн ак жана кара түстүү болгон кочкордун сүрөтүндө алып келерин баяндады. Чакыруучу: «Эй бейиш...
Умар ибн аль-Хаттаб, радыяллаху анху, риваят кылат. Ал Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай дегенин укту: «Эгерде силер Аллахка чыныгы та...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бизди дүйнөлүк жана диний иштерде пайда алып келүү жана зыяндан сактануу үчүн Аллах Таалага таянууга үндөп жат...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Жаным Анын колунда турганга (Аллахка) ант ичип айтам, силерге Марямдын уулу түшүп, адилеттүү өкүмдар болоруна аз калды. Ал крестти сындырат, чочкону өлтүрөт, салыкты (жизя) жок кылат, мал-мүлк аябай көбөйүп, аны эч ким албай калат".

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылат: «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, амекисине: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок деп айтыңыз. Кыямат күнү мен сизге күбө болом» - деп айтканда, ал айтты: «Эгерде Курайш башчылары «бул өлүмдөн коркуп келимени айтты» дешип жемелөөлөрү болбогондо, анда мен сенин көзүңдү сүйүнтмөкмүн». Ошондо Аллах бул аятты түшүрдү: «Чындыгында, сен жакшы көргөн адамыңды туура жолго алып келе албайсың. Бирок Аллах каалаган пендесин туура жолго алып келет». (Касас, 56)

Абдулла бин Амр, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Менин Хаудум бир айлык жолдун алыстыгындай чоң. Анын суусу сүттөн ак, жыты мисктен жыттуу. Анын идиштери асмандагы жылдыздардын санындай. Андан ичкен адам эч качан суусабайт».

Абу Саид аль-Худри, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Өлүм ала түстүү кочкордун кейпиндей болуп алып келинет. Ошондо бир чакыруучу: «Эй, бейиш ээлери» - деп чакырат. Алар баштарын көтөрүп карап калышат. Ошондо ал: «Силер муну билесиңерби?» - дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Анан ал: «Эй, тозок ээлери» - деп чакырат. Алар баары баштарын көтөрүп карашат. Ал: «Силер муну тааныйсыңарбы?» дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Ошондо аны союп: «Эй, бейиш ээлери! Түбөлүкө каласыңар, өлүм жок» – деп айтат. Эй, тозок ээлери! Түбөлүкө каласыңар, өлүм жок» - деп бул аятты окуду: «Аларды зыянга учураган күн менен эскерткин. Алар капылет абалда болгон учурда Кыямат болот» (Мариям: 39) Дүйнө ээлери алар ушундай капылетте болушат. «Алар ыйман келтиришпейт» - деген аятты окуду.

Умар ибн аль-Хаттаб, радыяллаху анху, риваят кылат. Ал Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай дегенин укту: «Эгерде силер Аллахка чыныгы таваккүль (таянуу) кылганыңарда, Аллах силерге эртең менен курсагы ач чыгып, кечинде курсагы ток кайткан чымчыка ырыскы бергендей ырыскы бермек».

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Улоодо бара жаткан адам, жөө бара жаткан адамга, жөө бара жаткан адам, отурган адамга, аз сандагы адам, көп сандагы адамга салам айтат" .

Абу Зар, радыяллаху анху, риваят кылат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, кудсий хадисте Аллах Тааланын мындай деп айтканын айтты: «Эй, пенделерим! Чындыгында, Мен зулумдук кылууну Өзүмө арам кылдым жана аны силерге да арам кылдым. Ошондуктан силер, эч качан бири-бириңерге зулумдук кылбагыла! Эй, пенделерим! Чындыгында силердин баарыңар адашуудасыңар, бир гана Мен туура жолго салып койгон адамдар гана туура жолдо. Мына ошондуктан силер Менден туура жол сурагыла! Ошондо Мен силерди туура жолго саламын. Эй, пенделерим! Чындыгында, бардыгыңар ачкасыңар, Мен ырыскы берген адамдар гана ток болушат. Ошондуктан менден ырыскы сурагыла, Мен силерге ырыскы беремин. Эй, пенделерим! Акыйкатта силердин араңардан, Мен кийинтип койгон адамдардан башка баарыңар жылаңачсыңар. Ошондуктан силер – Менден гана кийиндирүүнү сурангыла, Мен силерди кийимдүү кылам. Эй, пенделерим! Силер эртеден кечке күнөө кыласыңар. Ал эми Мен күнөөлөрдүн бүт баарын кечиремин. Ошондуктан силер – Менден кечирим сурагыла! Мен силерди кечиремин. Эй, пенделерим! Мага зыян бергенге аракет кылып көргүлө. Бирок силер – эч качан Мага зыян бере албайсыңар. Эй, пенделерим! Силер Мага пайда бергенге да аракет кылып көргүлө. Бирок силер – эч качан Мага пайда бере албайсыңар. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысынын жүрөктөрү силердин араңардан эң такыбалуу бир кишинин жүрөгүндөй болуп бир деңгээлде такыбаа болсоңор да, бул нерсе Менин мүлкүмдөн эч нерсени көбөйтпөйт. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысынын жүрөктөрү, силердин араңардан эң жаман бир кишинин жүрөгүндөй болуп бир деңгээлде жаман болсоңор да, бул нерсе Менин мүлкүмдөн эч нерсени азайтпайт. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысы бир жерге чогулушуп туруп, Менден муктаждыктарын сураса, Мен алардын ар бирине сураган нерселерин берсем да бул нерселер – ийне деңизге салынып алынганда деңиздин суусун ийне азайткан сыяктуу менин мүлкүмдөн ошончолук деңгээлде гана кемите алат. Эй, пенделерим! Чындыгында, алар силердин кылган иш-аракеттериңер. Ал иш-аракеттериңерди эсеп-кысап кылам. Анан ошого жараша силерге сооп же жаза берем. Кимде-ким өзүн жакшы абалда тапса, анда ал Аллахка мактоо айтсын. Ал эми кимде-ким өзүн жакшы абалда таппаса, анда ал өзүнөн башка эч кимди күнөөлөбөсүн».

Жаабир бин Абдуллах (аларга Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Зулумдуктан сактангыла! Себеби зулумдук - кыяматтагы караңгылык. Ач көздүктөн сактангыла! Анткени, силерден мурдагылар ач көздүктүн айынан кыйроого учураган. Ач көздүк аларды кан төгүүгө, арамды адал кылууга түрткөн".

Абу Муса ал-Ашари (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Чынында Аллах Таала заалымга убакыт берет, анан аны кармаганда такыр коё бербейт ". Анан бул аятты окуду: "Раббиң шаарларды азабына алганда мына ушундай азаптайт. Алар заалым болчу. Анын азабы чынында оорутуучу, катуу" (Худ: 102-аят).

Ибн Аббас, радыяллаху анхума, риваят кылат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Улуу Раббисинен риваят кылган хадисте мындай деп айтты: «Чындыгында, Аллах жакшылыктарды да, жамандыктарды да жазып анан аны ачык баяндады. Кимде-ким бир жакшылык кылууну каалап, аны аткара албай калса, анда Аллах Өзүндө ага толук жакшылык жазат. А эгерде ал ниет кылып аны аткарса, анда Аллах Өзүндө ага он эседен жети жүз эсеге чейин, бир канча эселетип жазат. Кимде-ким бир жамандык кылууну ниет кылып, аны кыла албай калса, анда Аллах ага толук жакшылык жазат. А эгерде ниет кылып аны аткарган болсо, анда Аллах Өзүндө ага бир жамандыкты гана жазат».

Ибн Масуд, радыяллаху анху, айтты: Бир киши: Оо, Аллахтын Элчиси, жахилият кезинде кылган иштерибиз үчүн жазаланабызбы? - деп сурады. Анда Пайгамбарыбыз айтты: «Ким Исламда жакшылык кылса, жахилиятта кылган иши үчүн жазаланбайт, ал эми ким Исламда жүрүп жаман иштерди кылса, биринчи жана акыркысы үчүн жазаланат»

Ибн Аббас, радыяллаху анхума, риваят кылат: Көп киши өлтүргөн, көп зына кылган кээ бир мушриктер Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламга, келишип: "Чындыгында, сенин айтканың жана чакырганың жакшы. Бизге кабар берчи. Биз аткарып койгон нерселердин каффараты барбы?" - дешти. Ошондо бул аяттар түштү. Аллах таала айтты: "Алар Аллахтан башка кудайларга дуба кылышпайт, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган жанды укуксуз (шарияттын талаптарысыз) өлтүрүшпөйт. Акысы (өчү) бар болгондо гана (өлтүрүүсү адал болот). Алар зына кылышпайт.(Фуркан сүрөөсү, 68-аят). Аллах таала айтты: "(Оо, Мухаммад, Менин пенделериме) айт: "Оо, Менин, өздөрүнө ысырап кылып (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болбогула!". (Аз-Зумар сүрөөсү, 53).