- Исламдын пазилети жана улуулугу. Жана Ислам өзүнөн мурунку күнөөлөрдү өчүрөт.
- Аллахтын пенделерине болгон ырайымы, кечиримдүүлүгү жана күнөөлөрдү жууп кетирүүсү.
- Ширктин арамдыгы, арам өлтүрүүнүн арамдыгы, зына кылуунун арамдыгы жана бул күнөөлөрдү кылгандарга азаптар бар.
- Ыклас жана жакшы амалдар менен бирге чын ыкластан тообо кылуу бардык чоң күнөөлөрдү, анын ичиндеги Аллах Таалага каапыр болгондорду да кечирет.
- Аллах Тааланын мээриминен үмүтсүздүктөн жана үмүт үзүүдөн тыюу салынат.