- Хадисте келгендей салам айтуу жакшы, а эгер жөө бараткан адам улоодогу адамга салам айтса, же жогоруда айтылгандардын кайсы бири тескерисинче болуп калса, эч нерсе эмес. Бирок жакшы жана абзел болгонго каршы келет.
- Хадисте айтылгандай тартипте салам айтып жайылтуу жакшы көрүүгө жана мээримдүүлүккө себеп болот.
- Эгер жогоруда айтылгандар салам берүүдө бирдей болуп калса, анда озунуп салам айтканы алардын жакшысы болуп эсептелет.
- Адам баласы эмнеге муктаж болсо, анын баарын баяндаган (Ислам) шарияты кемчиликсиз, толук.
- Ар бир адамга өз акысын берүүнү жана саламдашуунун адебин үйрөтөт.