Менин Хаудум бир айлык жолдун алыстыгындай чоң. Анын суусу сүттөн ак, жыты мисктен жыттуу. Анын идиштери асмандагы жылдыздардын санындай. Андан ичкен адам эч качан суусабайт...
Абдулла бин Амр, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Менин Хаудум бир айлык жолдун алыстыгындай чоң. Анын суусу сүттөн ак, жыты мисктен жыттуу. Анын идиштери асмандагы жылдыздардын санындай. Андан ичкен адам эч качан суусабайт».
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Explanation
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Кыямат күнү анын узундугу жана туурасы бир айлык жол болгон Хауду тууралуу кабар берди. Ал эми анын суусу сүттөн ак. Жана анын таттуу жыты мисктин жытынан жакшыраак. Анын кумуралары асмандагы жылдыздардай көп. Ким ошол кумуралар менен Хауддан ичсе, анда ал эч качан суусабайт.
Hadeeth benefits
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, Хауду – Кыямат күнү анын үммөтүнүн ыймандуулары келе турган чоң топтолгон суу.
Анын Хаудунан ичкен адам эч качан суусабай чоң жакшылыкка жетишет.
Share
Use the QR code to easily share the message of Islam with others