Жундуб, радыяллаху анху, айтты: «Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, көзү өтөөрдөн беш күн алдын мындай деп айтканын укканмын: «Аллахтан силерд...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллахтын алдында халил макамына ээ экенин, ал халил макамы жакшы көрүүнүн эң жогорку даражасы экенин жана ага...
Абу ал-Хаяж ал-Асадий айтат: Али бин Абу Талиб мага: Мен сени Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мени буйруган нерсеге буйр...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларын эстеликтерди калтырбоого (жандуулардын сүрөтү, денеси болсо, болбосо айырмасы ж...
Абдуллах бин Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Жамандыкка жоруу - ш...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) куш учуруудан (ырым кылуудан) катуу эскертип тыйган. Бул, уккан-көргөн нерсенин баарынан жа...
Имран бин Хусейн (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Куш учурган жана учуртк...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) "бизден эмес" деген сөзү менен үммөтүнөн кээ бир (жаман) иштерди кылгандарга катуу эскертүү...
Анас бин Маликтин (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Оору жукпайт, жамандыкка жор...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жахилияттагы адамдардын, оору Аллахтын тагдырысыз эле бирөөдөн бирөөгө жугат деген ишеними...
Жундуб, радыяллаху анху, айтты: «Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, көзү өтөөрдөн беш күн алдын мындай деп айтканын укканмын: «Аллахтан силердин араңардан кимдир бирөө мага халил (1) болуусунан коргоо сураймын. Чындыгында, Аллах Ибрахим, алейхис саламды, Өзүнө халил кылып алгандай мени да өзүнө халил кылып алды. Эгерде мен үммөтүмдөн кимдир бирөөнү өзүмө халил кылып алтурган болсом, анда Абу Бакрды халил кылып алмакмын. Силерден алдыңкы коомдор пайгамбарларынын жана солих адамдарынын кабырларын мечит кылып алышпадыбы?!. Силер кабырларды мечит кылып албагыла. Мен силерди андай кылуудан тыямын».
Абу ал-Хаяж ал-Асадий айтат: Али бин Абу Талиб мага: Мен сени Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мени буйруган нерсеге буйруйунбу? Эстелик, сүрөттү көрсөң талкалап жок кыл, кабыр үстүнө коюлган нерсени көрсөң тегиздеп түздөгүн - деди.
Абдуллах бин Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Жамандыкка жоруу - ширк, жамандыкка жоруу - ширк, жамандыкка жоруу - ширк" деп үч жолу (айткан). Бизде бул (жоруму жаман ырымдар) бар, бирок тобокел кылуу менен Аллах аны кетирет.
Имран бин Хусейн (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Куш учурган жана учурткан, көзү ачыктык кылган жана көзү ачыктык кылдырткан, сыйкырлаган жана сыйкыр кылдырган, түйүн түйүп ырым кылган адамдар бизден эмес. Ким көзү ачыкка барып анын айтканына ишенсе, Мухаммадка (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тушкөн нерсеге каапырлык кылыптыр".
Анас бин Маликтин (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Оору жукпайт, жамандыкка жоруу да жок. Мага фаьл жагат". Фаьл деген эмне? деп сурашканда: "Бул жакшы сөз" - деди.
Зайд бин Халид Аль-Жухани, радыяллаху анху, айтты: Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Аль-Худайбияда жамгыр жааган түнү биз менен бирге багымдат намазын окуду. Ал намаздан кийин элге кайрылып: «Раббиңер эмне дегенин билесиңерби?» - деди. Алар: «Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет» - деп айтышты. Пайгамбар айтты: «Раббиңер: Менин пенделеримдин арасынан Мага ыйман келтиргени жана Мага каапыр болгону бар» - деди . Кимде-ким: «Бизге Аллахтын пазилети жана ырайымы менен жамгыр жаады» деген болсо, анда алар Мага ыйман келтирди жана жылдыздарга каапырлык кылышты. Ал эми: «Бизге баланча же түкүнчө жылдыздын таасиринен жамгыр жаады» деген болсо, анда ал Мага каапыр болду жана жылдыздарга ыйман келтирди» - деп айтты.
Укба бин Аамир аль-Жуханий (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын эчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) он чакты адам келип, ал алардын тогузу менен убада-келишим кылып, онунчусуна келишим кылбай койду. О, Аллахтын элчиси, тогузу менен келишим кылып, бирөөн калтырып койдуң го? - дешти эле, ал: "Анын тагынган тумары бар экен" - деди. Тиги киши коюнуна колун салып, тумарын жулуп таштады эле, аны менен убада-келишим кылып, анан: "Тумар тагынган адам, чынында ширк кылган болот" - деди.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдарынын биринин айтымында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Ким төлгөчүгө барып андан бир нерсе тууралуу сураса, кырк күнгө чейин анын намазы кабыл болбойт".
Ибн Умар, радыяллаху анхума, бир кишинин мындай деп айтып жатканын угуп калат. Ал киши: «Жок, Каабага ант болсун!» - дейт. Ошондо Ибн Умар мындай деп айтат: «Аллахтан башкага ант ичилбейт. Чындыгында, мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын укканмын: «Ким Аллахтан башкага ант ичсе, анда ал каапырлык кылган болот же ширк кылган болот».
Абу Муса (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Ашари уруусунан бир канча адам болуп Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мингенге улоо сурап бардык. Ал: "Аллахка ант болсун, силерге улоо бере албаймын. Менде силерге бере турган улоо жок" - деди. Арадан бир аз өткөндөн кийин ага олжого түшкөн төө келип калып, аны бизге берүүго буйруду. Биз төөнү алып кетип жатканда бири-бирибизге: Бизди Кудай урду го, Аллахтын элчисине улоо сурап барып ал бизге улоо бербеймин деп Аллахтын атына касам ичип, анан кайра улоо берип койду го деп сөз кылдык. Абу Муса (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Анан Аллахтын элчисине кайра келип оюбузду айттык. Ал: "Силерге төөнү мен берген жокмун, Аллах Таала берди. Аллах кааласа, мен касам ичип кийин андан жакшы ишти көрсөм, касамымды бузуп, жакшы ишти аткара берем" - деди.
Хузайфанын (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллах каалады жана баланча каалады" деп айтпагыла. Анын ордунда: "Аллах каалады андан кийин баланча каалады" - дегиле".