- Тавхидди жана Ислам акыйдасын бузуудан сактоо керек.
- Ширк аралашкан рукияны окууга, тумарларды тагууга жана тиваланы колдонууга тыюу салынат.
- Адамдын бул үч себепке ишениши – бул кичине ширк. Себеби ал шариятта себеп болбогон нерсени себеп кылды. Ал эми алардын өзүнө пайда жана зыяны бар деп ишенсе, анда бул чоң ширк.
- Ширк жана арам себептерди кылуудан сактануу керек.
- Ширк аралашкан рукия окуу арам болот. Шариятта келген рукия окуудан башкасынын баары ширк болуп саналат.
- Жүрөк бир гана Аллахка байлануусу керек. Анткени бардык зыян жана пайда андан гана болот. Ал Жалгыз, Анын шериги жок. Ошондуктан Аллахтан башка эч ким жакшылык алып келе албайт. Андан башка эч ким жамандыкты кайтара албайт.
- Ислам шариятындагы рукия окуу үч шартты камтып алат:
- 1- Рукия окуу болгону бир себеп. Аллахтын уруксатысыз пайда бербейт деп ишенүү керек.
- 2- Рукия окуу - бул Куран окуу менен, Аллахтын ысым-сыпаттарын окуу менен, пайгамбар айткан дубаларды окуу менен жана шариятта келген дубаларды окуу менен болушу керек.
- 3-Рукия түшүнүктүү тилде болушу керек. Рукия дубалары таласим, башкача айтканда түшүнүксүз жазуулар жазылган дуба жана шааваза, башкача айтканда сыйкырдын турлөрү менен болбошу керек.