- Аллах Таалага тобокел кылуу, Анын жазган тагдырына ыйман келтирүү важиб. Куш учуруу, жаман ырым кылуу, сыйкырчылык кылуу, көзү ачыктык кылуу жана ушуларга барып жардам суроо тыюу салынган арам иштерден.
- Кайып илимин билем дештик - тавхидди алсырата турган ширк амалдарынан.
- Көзү ачыкка баруу, анын айтканын тастыктоо тыюу салынган арам иш. Буга алаканга карап, чыныдагы сууга карап, жылдыз белгилерине (зодиак, гороскопко) карап кайыпты айтуу жана буга жөн эле кызыгып кароо да кирет.