- Көзү ачыктык кылуу жана ага барып кайыпты суроо тыюу салынган арам иш.
- Кылган күнөөсү себептүү адам жакшы амалдарынын сооп-сыйынан куру калышы мүмкүн.
- Жылдыз төлгөсү деп аталган төлгө жана ага кароо, ошондой эле алаканга, чыныга жөн эле кызыгып кароо да ушул хадистин ичине кирет. Анткени мунун баары көзү ачыктыкка жана кайып илимин билем дегендикке жатат.
- Төлгөчүгө баруунун эле жазасы ушундай болсо, анда төлгөчүнүн өзүнүн жазасы кандай болорун ойлоп көр?
- Кырк күндүк намаз окулган болуп эсептелет, анын казасы окулбайт, бирок сообу болбойт.