- Абу Бакр, радыяллаху анхунун, пазилеттүүлүгү жана сахабалардын арасынан эң абзели. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, көз жумгандан кийин жалпы адамдардын арасынан анын ордуна халиф болууга татыктуу адам.
- Кабырдын үстүнө мечит куруу мурунку өткөн коомдордо да тыюу салынган иштерден.
- Адамдар ширкке түшүп калуу коркунучу болгондуктан кабырды ибадат кылуучу жайга айландыруу, анын жанында же ага карап намаз окуу жана анын үстүнө мечит куруу же күмбөз тургузуу тыюу салынган.
- Салих адамдарды чектен ашырып сыйлоо ширкке алып баргандыгы үчүн андан сактануу керек.
- Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, эскерткен күнөөлөрдүн акыбети өтө коркунучтуу болгондуктан, өлүмүнөн беш күн алдын үммөтүн бул күнөөлөрдөн кескин тыйып баса белгиледи.