- "Аллах каалады жана сен кааладың" деп айтууга тыюу салынган (арам). Жана башка ушул сыяктуу "вав" байламтасы менен айтылган сөздөр, сөзгө тиешелүү ширктерден болгону үчүн айтууга тыюу салынган.
- "Аллах каалады анан сен кааладың" деп айтуу жайыз, уруксат. Жана башка ушул сыяктуу "сумма" деген байламта менен айтылган сөздөр, аларга тыюу салынбаганы үчүн айтууга уруксат.
- Аллахтын да каалоосу бар, пенденин да каалоосу бар. Пенденин калоосу Аллахтын каалоосунан кийин аны ээрчүүчү каалоо.
- Аллахтын каалоосуна калайыкты сөз менен болсо да шерик кылууга тыюу салынган.
- Сүйлөөчү адам эгер пенденин каалоосу Аллах Тааланын каалоосу сыяктуу, ар тараптуу жана абсолюттук жагынан ага барабар деп ишенип, этикат кылса же пенденин өз алдынча каалоосу бар деп ишенип этикат кылса, анда бул чоң ширк болот. Ал эми эгер пенденин каалоосу Аллах Тааланын каалоосунан төмөн деп ишенип этикат кылса, бул кичине ширк болот.