Ибн Аббас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки мүрзөнүн жанынан өтүп баратып: "Бул экөө азап...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки мүрзөнүн жанынан өтүп баратып, мындай деди: Бул эки мүрзөдөгү адамдар азапталып жатат;...
Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатканага кирээрде: "Аллахым, жиндердин эркек, ургаачысы...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) заара же заңдоо үчүн ажетин өтөй турган жерге кирүүнү каалаганда, Аллахтан коргоо тилөөчү ж...
Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатканадан чыкканда: "Гуфранака...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатын өтөп чыкканда: "О, Аллах, мени кечирүүңдү сураймын" - деп айтчу.
Аиша, радыяллаху анха, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Мисвак колдонуу оозду тазартат жана Раббимдин ырааз...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бул хадисте аль-Арак дарагынын таякчасы, б.а. мисвак менен тишти тазалоону жана ал мисвак ооздон жагымсыз жытт...
Хузайфа (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түндө турганда, оозун мисвак менен тазалайт эле.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мисвакты көп колдончу жана колдонууга буйручу. Мисвакты колдонууну кээ бир убактарга бекемд...

Ибн Аббас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки мүрзөнүн жанынан өтүп баратып: "Бул экөө азапталып жатат. (Өздөрүнүн оюндагы) чоң эмес күнөө себептүү азапталып жатат. Экөөнүн бири заарасынан тазаланбайт эле. Ал эми экинчиси ушак-айың таратып басып жүрчү" - деди. Анан кургай элек бутакты алып, тең ортосунан жарды да, эки мүрзөнүн ар бирине бир-бирден сайып койду. О, Аллахтын элчиси, эмне үчүн мындай кылдың? - деп сурашты. "Ушул бутактар соолуп калганга чейин аларды азабы жеңилдесе ажеп эмес" деди ал.

Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатканага кирээрде: "Аллахым, жиндердин эркек, ургаачысынын жамандыгынан сактоону Өзүңдөн тилейм" деп айтчу.

Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатканадан чыкканда: "Гуфранака" деп айтчу.

Аиша, радыяллаху анха, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Мисвак колдонуу оозду тазартат жана Раббимдин ыраазылыгына жеткирет».

Хузайфа (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түндө турганда, оозун мисвак менен тазалайт эле.

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Ар бир мусулман жети күндө бир жуунууга милдеттүү, ошол күндөрдө башын жана денесин жууйт".

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте ал айтты: Мен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: Беш нерсе бул адамдын табияттык тазалыгынан. Алар: сүннөткө отургузуу, уяттуу жерлердеги түктөрдү кыруу, мурутту кыскартуу, тырмактарды алуу жана колтуктун түктөрүн жулуу.

Али (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Мен маази суусу көп аккан киши элем. Анын күйөө баласы болгонум үчүн пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) (бул тууралуу) суроодон уялып жүрдүм. Анан Микдад бин ал-Асвадды сурап келүүгө жибердим. (Сураса), ал: "Аспабын жууп, анан даарат алат" - дептир. Бухариде: "Даарат ал жана аспабыңды жуу" - деп келген.

Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунубдуктан жуунганда, алгач эки колун жууп, анан намазга даарат алгандай даарат алчу да, андан кийин толук жуунчу . Кийин чачтарынын арасына колун салып, терисине чейин суу жеткени анык болгонго чейин аралатчу. Башына сууну ич ирет куйчу. Анан бүт денесин (суу куюп) жуучу. (Айша) дагы кошумчалайт: Мен, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) экөөбүз тең чогуу сузуп алып, бир идиштен жуунат элек.

Аммар бин Ясир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мени кайсы бир ишке жумшады. Мен жунуб болуп калып, жуунгага суу таппай койдум. Анан жан-жаныбарлар оонаган сыяктуу топуракка оонап, буланып (намаз окудум). Кийин Аллахтын элчисине келгенде ушуну айтсам, ал: "Сага колдоруңду мына ушинтсең жетиштүү болмок" - деп, алакандары менен жерди бир жолу чаап, анан оң жана сол колунун үстүнө, анан бетине сүртүп койду.

Мугира (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен сапарда бирге болдум. (Даарат аларда) анын маасыларын тартмакчы болсом, ал: "Аларды тек кой, анткени мен аларды даарат алып анан кийгенмин " - деди. Анан аларга масх тартып койду.

Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Фатима бинт Абу Хубайш пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип сурады: Менден такай кан келип турат, эч таза болбоймун. Намазды таштап койомунбу? Ал минтти: "Жок, бул тамыр (жарылгандан чыккан) каны. Сен этек кир көргөн күндөрдүн эсебинче намазыңды токтот да, андан кийин жуунуп намаз окуй бер".