- Жуунуу эки түрдүү болот: Толук жуунуу, жарым-жартылай жуунуу. Жарым-жартылай жууну дегени, мында киши тазаланууну (дааратты) ниет кылат, анан оозу, мурдун чайкоо менен бирге бүт денесине суу тийгизет. Ал эми толук жуунуу дегени, жогорудагы хадисте айтылган пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жуунуусундай жуунуу.
- Уруктук суусу түшкөндө, же жыныстык катнаш кылып, бирок уруктугу түшпөсө да жунубдук пайда болот.
- Жубайлар бири-биринин авретин караса жана бир идиштен жуунса жайыз.