- Ислам дини тазалыкты сактайт жана ага көңүл бурат.
- Жума күнү намазга жуунуу бекемделген мустахаб амал.
- Хадисте дене жөнүндө сөз болсо дагы "башты" деп өзүнчө айтылуусу ага көңүл бурууну түшүндүрүп турат.
- Кимден жагымсыз жыт келип, андан адамдар зыян тартып турса, анда ага жуунуу важиб болот.
- Жуунуу үчүн эң жакшы күн – бул жума күнү, жума күнү пазилеттүү болгону үчүн.