/ Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатканага кирээрде: "Аллахым, жиндердин эркек, ургаачысынын жамандыгынан сактоону Өзүңдөн тилейм" деп айтчу...

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатканага кирээрде: "Аллахым, жиндердин эркек, ургаачысынын жамандыгынан сактоону Өзүңдөн тилейм" деп айтчу...

Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатканага кирээрде: "Аллахым, жиндердин эркек, ургаачысынын жамандыгынан сактоону Өзүңдөн тилейм" деп айтчу.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Explanation

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) заара же заңдоо үчүн ажетин өтөй турган жерге кирүүнү каалаганда, Аллахтан коргоо тилөөчү жана шайтандын эркек жана ургаачысынын жамандыгынан сактагын деп Ага сүйөнчү. Ал-Хубс вал-Хабааис деген сөздөр, жамандык жана ыпластык деп да чечмеленет.

Hadeeth benefits

  1. Ажатканага кирээрде ушул дубаны айтуу жакшы.
  2. Бардык калайык-макулуктар ар кандай абалда аларга зыян тийгизүүчү же ыза берүүчү нерседен сактанууда Раббисине муктаж.