- Ушак айтуу жана заарадан тазаланбоо чоң күнөөлөрдүн бири жана бул мүрзөдө азапталууга себеп болот.
- Аллах Таала пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгынын белги, далили катары, кабыр азабы сыяктуу кээ бир кайып иштерин ачыкка чыгарган.
- Бутактарды жарып, кабырлардын үстүнө сайуу, бул пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жеке өзүнө тиешелүү иштерден; анткени Аллах Таала ага тиги эки кабырдагы адамдын абалын билдирди. Башкаларды ага салыштырып кыяс кылууга болбойт. Себеби, эч ким кабырдагы адамдардын абалын билбейт.