Усман бин Аффан (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Ким даарат алганда жетки...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким сүннөт жана мустахаб амалдарына көңүл буруп даарат алса, бул анын күнөөлөрүнүн ке...
Абу Айуб Ансари (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Даарат ушатууга барганыңарда к...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) заара кылганы же заңдаганы даарат ушатууга барган адамды кыбылага, Кааба тарапка карап отур...
Абу Катада (ага Аллах ыраазы болсун) айат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Эч кимиңер заара кылганда мүчө...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кээ бир адептерди баяндаган; заара кылган учурда мүчөсүн оң кол менен кармоодон тыйды. Алды...
Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жуунганда бир саадан беш мудга чейин өлчөмдөгү сууга...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунубтуктан жуунганда бир саадан төрт мудга чейинки өлчөмдөгү сууга жуунчу. Дааратты бир м...
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Силерден бирөөңөрдүн даараты бузулс...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаздын туура болуусунун бир шарты даарат экенин кабарлаган. Дааратты буза турган заңдоо,...

Усман бин Аффан (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Ким даарат алганда жеткиликтүү жакшы даарат алса, денесинен күнөөлөрү төгүлүп, тырмактарынын астынан чыгып кетет".

Абу Айуб Ансари (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Даарат ушатууга барганыңарда кыбалага жүздөнүп отурбагыла, артыңарды да салбагыла. Чыгышка же батышка жүздөнүп отургула". Абу Айуб айтат: Биз Шам тарапка барганда ал жакта даараткананы кыбылага каратып салынган экен, биз бурулуп отуруп, анан Аллахтан кечирим айтып жүрдүк.

Абу Катада (ага Аллах ыраазы болсун) айат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Эч кимиңер заара кылганда мүчөсүн оң колу менен кармабасын. Даарат ушатканда оң колу менен тазалабасын. Ичкенде идиштин ичине демин чыгарбасын".

Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жуунганда бир саадан беш мудга чейин өлчөмдөгү сууга жуунчу. Даарат алганда бир муд сууга даарат алчу.

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Силерден бирөөңөрдүн даараты бузулса, даарат алмайынча Аллах намазын кабыл кылбайт".

Жаабир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Мага Умар бин Хаттаб минтип айтты: Бир киши даарат алып бутун жууганда тырмак ордундай жерине суу тийбей калды эле аны көрүп калган пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Кайра кайт да, дааратыңды жакшылап ал" - деди. Тиги кайра даарат алып, анан намаз окуду.

Абдуллах ибн Амр (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге Меккеден Мадинага келе жатканбыз. Сууга жеткенибизде адамдар асыр намазына шашылып даарат ала башташты. Биз алардын жанына келип, кээ бирлери согончогуна суу жеткирбей кургак калып даарат алып жатканын көрдүк. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Суу жетпеген согончокторго азап болот, дааратты жеткиликтүү алгыла!" - деди.

Амр бин Аамир Анас бин Маликтен риваят кылып айтты: "Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ар бир намазга даарат алчу"- деди. Ошондо (Амр бин Аамир) Мен: "Силер кандай кылат элеңер?" - деп сурадым. Ал Анас бин Малик: "Даарат бузулбаса, ар бирибизге бир даарат менен (бир нече намаз окууга) болот." - деди.

Ибн Аббас, радыяллаху анху, риваят кылып айтты: "Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир жолудан, бир жолудан жууп даарат алды".

Абдулла бин Зайд, радыяллаху анху, риваят кылып айтты: "Чындыгында. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, эки жолудан, эки жолудан жууп даарат алды".

Усман ибну Аффан, радыяллаху анхунун, кулу Хумрон айтат: “Усман ибну Аффан, радыяллаху анху, даарат алганга суу алдырды да идиштеги суудан эки колуна куюп, колдорун үч жолу жууду. Андан кийин оң колу менен идиштен суу алып оозу менен мурдун чайкады. Андан соң бетин үч жолу жана колдорун чыканакка чейин үч жолу жууду. Андан кийин башына масх тартты да эки бутун үч жолудан жууду. Анан мындай деп айтты: “Мына мен ушундай даарат алганымдай Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, даарат алып жатканын көрдүм”. Анан айтты: “Ким менин даарат алганымдай даарат алып, эч нерсени сүйлөбөй эки рекет намаз окуса, Аллах таала анын өткөн күнөөлөрүн кечирет”.

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силердин бирөөңөр даарат алса, мурдуна суу алып, анан кайра чимкирсин. Аврет жерлерин тазаласа так санда тазаласын . Силерден бирөөңөр уйкудан ойгонуп турганда, даарат алчу сууна кол салбай туруп колун жууп алсын. Анткени, эч кимиңер колу кайда түнөп чыкканын билбейт". Муслимдин риваятында: "Силердин бирөөңөр уйкудан ойгонуп турганда, үч жолу жуумайынча колун идиштеги сууга сала койбосун. Анткени, ал колу кайда түнөгөнүн билбейт".