- Даарат алганда эки бутту жууш парз. Жылаң аяк бутка масх тартуу жарабайт. Анткени согончокторун жуубай калтырган адамга тозоктун азабы болору айтылган.
- Дааратта жуула турган дене мүчөлөрүн толук жуу зарыл. Жуу зарыл болгон мүчөлөрдүн бир аз бөлүгүнө атайын же маани бербей суу тийгизбей койсо, намазы жарактуу болбойт.
- Билбеген адамга үйрөтүп, туура багыт берүү зарыл.
- Парз же сүннөт амалды туура эмес аткарып жаткан кишини көргөндө, билген адам аны өзүнө ылайык жол менен эскертип тыйышы керек.
- Мухаммад Исхак ад-Дахлави минтип айткан: "Дааратты жеткиликтүү алуу үч түрдүү болот: жууй турган мүчөнү бир жолу жуу - парз. Үч жолуу жуу - сүннөт. Үч жолу жууганда жуулчу мүчөнүн жуула турган чегинен ашыра жуу - мустахаб".