Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ар бир намазга даарат алчу"- деди. Ошондо (Амр бин Аамир) Мен: "Силер кандай кылат элеңер?" - деп сурадым. Ал Анас бин Малик: "Даарат бузулбаса, ар бирибизге бир даарат менен (бир нече намаз окууга) б...
Амр бин Аамир Анас бин Маликтен риваят кылып айтты: "Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ар бир намазга даарат алчу"- деди. Ошондо (Амр бин Аамир) Мен: "Силер кандай кылат элеңер?" - деп сурадым. Ал Анас бин Малик: "Даарат бузулбаса, ар бирибизге бир даарат менен (бир нече намаз окууга) болот." - деди.
Бухари жазып калтырган
Explanation
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, даараты бузулбаса да, ар бир парз намазына даарат алчу. Даараттын сооп-сыйлыгына жана пезилетине жетүү үчүн ушундай кылат эле.
Даараты сынбаса, ошол бир даараты менен бирден ашык парз намаз окуса болот.
Hadeeth benefits
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, эң көп амалы даараттын толук сообуна жетүү үчүн ар бир намазга даарат алуусу болгон.
Ар бир намазда даарат алуу сооптуу.
Бир даарат менен бир нече намаз окууга болот.
Share
Use the QR code to easily share the message of Islam with others