- Жакшы ишке буйрууга шашылуу, билбеген жана капылеттеги адамга туура ишти көрсөтүү важыб, айрыкча ал кылып жаткан туура эмес иш ибадатын буза турган болсо.
- Дааратта жуулусу зарыл болгон дене мүчөлөрдүн баарына суу жеткирүү важыб. Ким кайсы бир мүчөсүнөн бир бөлүгүн суу тийгизбей калтырып койсо, эгер ал кичине болсо да, анын даараты жарактуу болбойт, ага дааратын кайталап алуу лаазым болот.
- Дааратты жакшы алуу шарияттын талабы. Жакшы алуу бул шарият буйругандай толук, жеткиликтүү алуу.
- Эки бут да дааратта жуула турган мүчөлөрдөн, аларды суулап сүртүп коюу жетишсиз, толук жуу зарыл.
- Дааратта жуула турган мүчөлөрдү катары менен жуу керек, тагыраагы, ар бир мүчөнү андан мурда жуулган мүчө кургап калганга чейин жуу зарыл.
- Билбестик же унутуп калуу важыбды моюндан сакыт кылбайт. Болгону күнөөнү сакыт кылат. Тиги билбестиктен улам дааратын чала алган кишиден пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ваажыбды, б.а. дааратты сакыт кылбады, аны кайра даарат алууга буйруду.