- Даараттын башталышында колду идишке салуудан мурда, уйкудан турбаган болсо да эки колду жууш сооптуу амалдардан. А эгерде түнкү уйкудан турган болсо, анда эки колун сөзсүз жууш керек.
- Мугалим окуучу үчүн билимди түшүндүрүүдө жана бекем илим алууда эң мыкты ыкмаларды тандашы керек. Мына ошол түшүндүрүү ыкмаларынан иш жүзүндө көрсөтүп үйрөтүү.
- Намаз окуп жаткан адам дүнүйө иштерине байланыштуу ойлордон алыс болушу керек. Ошондуктан намаздын толук бүтүшү жана кемчиликсиз болушу андагы жүрөктүн даярдыгына жараша болот. Антпесе, ойлордон сактана албайт. Ал өзүнүн напсине каршы күрөшүп, ага алданып калбашы керек.
- Оң жактан баштап даарат алуу мустахаб (3) амалдардан.
- Оозду чайкоо менен мурунга суу алып кайра чыгаруунун ортосундагы тартиптин шарият мыйзамына киргизилүүсү.
- Бетти, эки колду, эки бутту үч жолудан жууш мустахаб амалдардан. Ал эми бир жолу жууш важиб.
- Аллахтын өткөн күнөөлөрдү кечирип жибериши эки нерсенин негизинен келип чыгат. Алар: хадисте айтылган сыпаттарга ылайык даарат алуу жана эки рекет намаз окуу.
- Даарат алып жатканда ар бир мүчөнүн жуулучу чеги бар. Демек даарат алып жаткандагы беттин чеги: баштын чач чыккан жеринен баштап сакал менен ээктин астына чейин жана туурасынан кулактан кулакка чейин. Колдун чеги: манжалардын учунан чыканакка чейин, бул билек менен колдун үстүнкү мууну. Баштын чеги: баштын чач чыккан жеринен баштап беттин капталынан моюндун өйдө жагына чейин. Эки кулакка масх тартуу да баштын чегине кирет. Ал эми буттун чеги: бут менен балтырдын ортосундагы кызыл ашыкка чейин.