- Шарият, суу кенен агып жатса да дааратта жана гусулда сууну үнөмдөөгө, ысырап кылбоого буйруйт.
- Гусул жана дааратта сууну аз иштетүү мустахаб. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көрсөткөн жолу ушундай.
- Гусулда жана дааратта сууну ысырап кылбай, же өтө үнөмдөп жибербей сүннөттү жана адепти сактоонун максаты суунун аз убагына да, кенен убагына да жана бардык убактарга тиешелүү.
- Уруктук суусу кумарлануу менен атып чыккан же жыныстык катнаш кылган адамды жунуб деп айтышат. Жунубдук же жанабат дегендин мааниси алыс болуу дегенди билдирет. Анткени, жунуб болуп калган адам тазаланып жуунганга чейин намаз ж.б. ибадаттарга жакындабай алыс болот.
- Саа - белгилүү өлчөм бирдиги. Саа дегенден максат пайгамбардын өлчөмү, анын салмагы кургак нерседе 480 мискал, суюктукта 3 литр.
- Муд - шарияттагы салмак өлчөмдөрүнүн бири. Чоң адам эки колун бириктирип кочуштап алганчалык өлчөм. Муд саанын төрттөн бири болорун баардык аалымдар бир ооздон бекемдешкен. Болжолдо 750 мл.