Абан бин Усман айтат: Усман бин Аффан (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисинен уктум деп бул хадисти айтып жатканын уктум: "Кимде-ким: Аллахтын ат...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күн сайын таң аткандан кийин жана кечинде күн батардан мурда үч жолудан ушул дубаны айтса,...
Абдуллах бин Хубайб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Катуу жамгыр жаап, көзгө сайса көрүнгүс караңгы болгон түнү чогуу намаз окуу үчүн Аллахтын элчиси...
Улуу сахаба Абдуллах бин Хубайб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: алар жамгырлуу, караңгы түндө аны менен бирге намаз окуу үчүн пайгамбарыбызды (ага Ал...
Самура бин Жундуб, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Аллахка эң сүйүктүү төрт сөз: Субханал...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллах Таалага эң сүйүктүү сөздөр төртөө экенин баяндап жатат.
Субханаллах: Аллах Тааланы бардык кемчиликтен...
Абу Аюб (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылган хадисте пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Кимде-ким: "Лаа илааха...
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Тилге жеңил, таразада оор жана Ырайымдуу (Ал...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, адам эч кыйынчылыксыз, ар кандай абалда да айта турган эки сөздү, алардын таразада чоң сооптуу экенин жана Раб...
Абан бин Усман айтат: Усман бин Аффан (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисинен уктум деп бул хадисти айтып жатканын уктум: "Кимде-ким: Аллахтын аты менен баштаймын. Анын аты менен башталган нерсеге жер бетинде да, асманда да эч ким зыян жеткире албайт. Ал Угуучу, Билүүчү" деп үч жолу айтса, таң атканга чейин ага кокустан балээ-кырсык келбейт. Кимде-ким бул дубаны таң атканда үч жолу айтса, кеч киргенге чейин ага кокустан балээ-кырсык келбейт". Кийин Абан бин Усман шал оорусу менен ооруп калды. Андан жогорудагы хадисти уккан бир киши аны суроолуу карап калды. Усман ага: Сага эмне болду, мени таңыркап карайсың? Аллахка ант болсун, мага Усман бин Аффан жалган айткан эмес. Усманга да пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жалган айткан эмес. Болгону, мага ушул балээ келген күнү мен (бирөөгө) ачууланып, жогорудагы дубаны айтпай унутуп калыпмын - деди.
Абдуллах бин Хубайб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Катуу жамгыр жаап, көзгө сайса көрүнгүс караңгы болгон түнү чогуу намаз окуу үчүн Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) издеп бардык. Анан аны таптым. Ал: "Оку" - деди. Мен эч нерсени окубадым. Ал дагы: "Оку" - деди. Мен дагы эле эч нерсе дебедим. Ал: "Оку" - деди. Эмнени окуюн - дедим. Ал: "Кул хуваллааху ахадды" жана эки сактоочу сүрөнү оку, кеч киргизгениңде жана таң атырганыңда үч жолудан окуп жүрсөң, бардык жамандыктан сактоого жетиштүү болот" - деди.
Самура бин Жундуб, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Аллахка эң сүйүктүү төрт сөз: Субханаллах, Алхамдулиллах, Лаа илааха иллаллах жана Аллаху Акбар. Булардын кайсы биринен баштасаң да зыяны жок».
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Тилге жеңил, таразада оор жана Ырайымдуу (Аллахка) сүйүктүү болгон эки сөз бар. Ал: «Субханаллахиль-азыими, Субханаллахи уа бихамдихих».
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Кимде-ким: "Субханаллоохи ва бихамдихи" деп күнүнө жүз жолу айтса, күнөөлөрү деңиз толкунунун көбүгүндөй көп болсо да кечирилет".
Абу Маалик Аль-Хаарис ибн Аасим Аль-Ашарий, радыяллаху анхудан, Алахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Тазалык – ыймандын жарымы. Алхамдулиллахи сөзү амал таразаны толтурат. Субхааналлах жана Алхамдулиллах сөздөрү болсо асман менен жердин ортосун толтурат. Намаз – нур, садака бул - далил, ал эми сабырдуулук болсо жарыктык. Куран болсо, сенин пайдаңа же сенин зыяныңа күбөө болот. Ар бир инсан күндө өз нафсисин Аллах үчүн же шайтан үчүн сатыка коёт, анан аны куткарып алат же аны зыянга учуратат».
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Субхан Аллоохи, валхамду лиллаахи, ва лаа илааха иллаллооху, валлааху акбар" деп айтуу мен үчүн күн нуру тийген нерсенин баарынан жакшы".
Жабир, радыяллаху анху, айтты: Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: «Эң жакшы зикир «лаа илааха иллаллах», жана эң жакшы дуба «алхамду лиллах».
Хавла бинт Хаким ас-Суламия (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтканын укканмын: "Кимде-ким кайсыл бир жерге келсе: "Аъузу би калима тиллаахит-тааммаати миң шарри маа холак" деп айтса, анда ал кайра жолун улап кеткенге чейин ага эч нерсе зыян бербейт".
Абу Хамид же Абу Усайд риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Эгерде силердин бирөөңөр мечитке кирсе, анда ал: "Аллахум-мафтах ли абывааба рахматик. (Оо, Аллах! Мага ырайымыңдын эшиктерин ач)" - деп айтсын. Ал эми мечиттен чыкканда: "Аллахумма инни ас алука мин фадлик. (Оо, Аллах! Мен Сенин жакшылыгыңдан сураймын)" - деп айтсын".
Жабир бин Абдуллах (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Киши үйүнө киргенде, кирээрде жана тамак ичээрде Аллахтын атын атап эстесе, Шайтан (жан-жөкөрлөрүнө): Силерге мында түнөк да жок, тамак да жок - дейт . А эгер кирип, бирок кирээрде Аллахты эстебесе, шайтан: Түнөктү таптыңар - дейт. А эгер тамактанаарда да Аллахты эстебесе , шайтан: Тамакты да, түнөктү да таптыңар - дейт.