- Аллахтан коргоо тилөө деген бул - өзүнчө бир ибадат болуп саналат, ал Аллах менен же Алахтын ысым-сыпаттары менен гана болот.
- Аллахтын сөзү менен коргоо тилөөго болот, анткени ал Аллахтын сыпаттарынын бири. Ал эми жаратылган нерселер менен коргоо тилөө мындай эмес, ал ширк болот.
- Бул дуба берекелүү жана пазилеттүү.
- Зикирлер менен коргонуу пенденин жамандыктан аман болуусуна себеп болот.
- Аллахтан башкадан, мисалы, жинден, сыйкырдан, жалганчылардан коргоо тилөө туура эмес, мындай кылууга болбойт.
- Сапарда болобу, жайчылыкта болобу ушул дубаны айтуу шариятта көрсөтүлгөн.