- Тазалык эки түрдүү болот: Сырткы тазалык - ал даарат алуу жана жуунуп гусул алуу менен болот. Ал эми ички тазалык – тавхид, ыймандуулук жана жакшы амалдар менен болот.
- Намазга бекем болуунун маанилүүлүгү айтылды. Анткени намаз пенде үчүн бул дүйнөдө жана Кыяматта нур болот.
- Садака берүү ыймандын чынчылдыгына далил болот.
- Курандын өкүмдөрүн жана тыйган тыюуларын иш жүзүндө аткаруунун маанилүүлүгү. Ал сенин зыяныңа эмес, сенин пайдаңа болушу үчүн ага бекем ыйман келтирүү маанилүүлүгү айтылды.
- Эгерде нафсиңди Аллахка баш ийүү менен алектендирбесең, анда ал сени күнөөлөр менен алектендирет.
- Ар бир адам иш-аракеттерди аткаруу керек. Ошондуктан нафсисин Аллахка моюн сунуу менен тозоктон куткарат же Аллахка баш ийбестик менен жок кылат.
- Сабыр кылуу көтөрө билүүнү жана анын сыйлыгын үмүттөнүүнү талап кылат жана аны аткарууда кыйынчылыктар жаралат.