- Үйгө кирээрде жана тамактанаарда Аллахтын атын атап зикир кылуу жакшы көрүлгөн амал. Анткени, шайтан үйлөрдө түнөп алат жана эгер Аллахтын атын зикир кылышпаса, үйдүн жашоочуларынын тамагынан да жей берет.
- Шайтан адам баласынын амалдарына, жүрүм-турумуна, дегеле бардык иштерине көз салып турат. Эгер ал Аллахты зикир кылууну эсинен чыгарса, шайтан андагы максатын ишке ашырат.
- Зикр - шайтанды кууйт.
- Бардык шайтанда анын сөзүнө кубанып, буйругун аткарган тарапташтары жана достору болот.